Жээнбай Садиров Эшимбекович Кенеш айылдык маданият үйүнүн мыкты кызматкери наамын алды. Ал 1956-жыл 5-мартта Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген. 1963-жылы 1-класска кирип, 1973-жылы орто билимди аяктаган. Андан кийин өз билимин өркүндөтүү максатында 1975-жылы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына кирген, ал жерде төрт жыл окуп 1979-жылы аяктаган.
1976-жылы ош областынын ноокат районуна караштуу Кенеш айылдык маданият үйүнүн жетекчиси болуп ишке кирген. Андан сырткары 1993-жылы Нышанов орто мектебинин музыка мугалими болуп төрт жыл иштеген. Азыркы учурда маданият үйүнүн мыкты директору болуп иштеп келүүдө.
Бул ишинен сырткары да окуучуларга музыка сабагынан окуу курсун ачып окуучуларга кыргыздын улуттук аспаптары болгон комузду андан сырткары пианинону, гитара, аккардеон жана башка аспаптарда ойноону окуучуларга үйрөтүп келүүдө.
Жеенбай агай ачкан үйрөнүү курсунда учурда жыйырма окуучу билим алууда. Алар Шанкол айылынан төрт окуучу, Арбын айылынан бир окуучу, ал эми Куу-Майдан айылынан он беш окуучу билим алууда. Бул жыйырма окуучунун ичинен эки окуучу гитара черткенди, эки окуучу аккардеон менен ойногонду, төрт окуучу пианинодо музыка жаңыртканды, калган он эки окуучу комузду үйрөнүшүдө. Окуучулар үйрөнүп музыкалык аспаптарда билим алып жатканы үчүн айына 200 сом төлөшөт.
Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу