Учурда жашыл экономика, жоопкерчиликтүү керектөө, туруктуу өнүгүү деген терминдер адамдар арасында сейрек кездешүүдө. Мунун себеби катары, адамдарда экологиялык маданияттын жоктугун белгилесе болот. Ал эми экологиялык маданитятты калыптандыруу үчүн төмөнкүлөрдү билип алыңыз!
Экологиялык маданият деген эмне?
Экологиялык маданият – бул жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу жана үнөмдөө, жоопкерчиликтүү керектөөнүн жөнөкөй көндүмдөрүн үйрөнүү жана башкаларга үйрөтүү, жайылтуу, адамдарда таштандыларды азайтуу менен бөлүп таштоо көндүмдөрүн калыптандыруу эсептелет.
Франциялык Беа Джонсон үй-бүлөсүнүн мисалында калдыксыз жашоо мүмкүн экендигин далилдеген. Ал калдыксыз жашоонун беш принцибин иштеп чыккан.
1. Refuse – баш тарт!
Адамдардын биринчи осуяты – кереги жок нерселерди сатып алба! Экологиялык көйгөйлөр ашыкча керектөөдөн башталат.
2. Reduce – кыскарт!
Беа Джонсон өзүнүн тажрыйбасынан улам, адамдын үйүндөгү буюмдардын 80 % кереги жок экенине ынанган. Бирок, бул ашыкча буюмдар башка бирөөгө керек болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, Беа Джонсон ашыкча кийимдерин секонд-хендге өткөрүп берген. Ал өзүнө 15 гана кийим калтырып, аларды ар кандай айкалыштырып 50 жолдон ашык кийип чыгам деп сыймыктанган.
3. Reuse – кайра колдон!
Сатып алган буюмдар узак убакытка жетип, ар кандай максаттарга колдонууга ылайыктуу болушу керек. Ал эскиргенде кайра иштетүүгө мүмкүн болушу керек. Эгерде буюм кереги жок болуп калса, аны башкаларга берүү керек. Мындай ыкма Беанын үй-бүлөсүнө абдан пайдалуу болгон, алар чыгымдарын 40% кыскарта алышкан.
4. Recycle – кайра иштет!
Бул кадам биринчи эмес, төртүнчү орунда турат. Себеби, кайра иштетүү бардык көйгөйлөрдү чечпейт. Бирок, кандай гана таштанды болбосун дароо эле өртөбөстөн аларды кайра иштетүүгө жиберүү керек. Кайра колдонууга мүмкүн болбогон таштандыларды гана утилдештирүү керек.
5. Rot – компост жаса!
Органикалык калдыктар тиричилик таштандыларынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Компосттун жардамы менен органикалык калдыктарды, жада калса жугундуларды да чиритип, жер семирткич жасоого болот.
Беа Джонсондун принциптерине ылайык Нарын районуна караштуу Оттук, Казан-Куйган айылдарында мектеп окуучулары адамдарда экологиялык маданиятты калыптандыруу маскатында, таштандыларды бөлүп таштоо боюнча сынак өткөрүшкөн. Сынакка активдүү катышкан айыл тургундарына дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылган.
Ал эми чогулган таштандылар кайра иштетүүгө жиберилип турган. Мындан сырткары, айыл тургундары үчүн Оттук айылынын борбордук көчөлөрүнө таштандыларды бөлүп таштоо үчүн атайын челектер орнотулган. Бул таштанды челектерди мектеп окуучуларынан түзүлгөн «Бирге» клубунун мүчөлөрү тарабынан орнотулган.
Бул боюнча Бирге клубунун мүчөлөрү төмөнкүлөрдү билдиришти.
“Айылыбыз Жибек-Жолунун жээгинде жайгашкандыктан жолдон өткөн коноктор айылыбыздагы таштанды челектеринин жоктугуна байланыштуу ар кандай таштанды таштап, айылыбыздын экологиясы начарлоо менен бирге айылдаштарыбыздын ден соолугуна терс таасирин тийгизип келген. Ошол себептен таштанды челектерди орнотууну туура көрдүк.
Бул челектерди жасоого атайын долбоор жазып, Он-Арча айыл аймагынын жергиликтүү бийлигинин сессиясына катышып, жергиликтүү кеңештин мүчөлөрүнө долбоордун презентациясы тартууланып, анда таштандылардын айылыбыздын тазалыгына, айыл тургундарынын ден соолугуна тийгизген таасири баса белгиленип, бөлүнүп ташталган керексиз буюмдар кайра иштетүүгө өтө ыңгайлуу экендиги айтылган. Депутаттардын колдоосу менен бюджеттен 30 миң сом акча каражатын бөлдүүрүгө мүмкүнчүлүк ала алдык. Аз убакыттын ичинде таштандыларды бөлүп таштоочу челектерди орното алдык.
Башында ар бир таштанды үчүн атайын сыртында жазуусу бар челектер болсо да, көнүп калгандыктанбы, айтор, аралаштырып таштап жатышты, бул нерсе биз үчүн өтө жагымсыз болду.
Кийин дагы АВЗУР га долбоор даярдап, таштанды таштоо маданиятын калыптандырууга үгүттөөчү видео-материалдарды даярдоо үчүн видео-камера утуп алдык. Окуучулар менен биргеликте атайын видеосюжеттерди даярдап, ватсап группалардан жиберип жаттык. Буга кошумча айыл тургундарына таштандыларды бөлүп таштоого үгүттөөчү сынактар уюшулуп, активдүү катышкандар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланып жатышты.
Азыр айылыбыздагы көпчүлүк үй-бүлөлөрдө да бөлүп таштоочу челектер уюштурулуп, бир аз да болсо жылыш бар».
Сынактын жыйынтыгын кийинки сюжетте:
Ар бир адам Беа Джонсондун 5 принцибин гана колдонуу менен экологиянын сакталышына, жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга, таштандыларды бөлүп таштоого үйрөнөт. Муну менен катар адамдарда экологиялык маданият да калыптанат. Муну менен катар адамдар күнүмдүк жашоодо колдонулуучу эко-комплект түзүп алуусу шарт:
1. Пластик баштыктарды сатып албоо үчүн кездемелерден тигилген соода баштык;
2. Азык-түлүк үчүн экобаштыктар;
3. Пластик таңгактагы тамактарды (одноразовый контейнер) сатып албоо үчүн тамак-аш контейнери;
4. Желим бөтөлкөлөрдөн баш тартуу үчүн суу куюу үчүн идиш;
5. Бир жолку стакандарды колдонбоо үчүн суусундуктарга кружка;
Ушул жөнөкөй беш буюмду дайыма колдонуу таштанды изин кескин азайтууга жардам берет.
Акылай Алмазбекова