Быйылкы окуу жылын 15-сентябрга жылдыруунун бирден-бир себеби дагы мугалимдердин вакцина алуусуна убакыт жана шарт түзүү болгон. Билим берүү министрлиги учурда мугалимдердин эмдөөдөн өтүп бүткөнүн кабарлашты.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева учурда мугалимдер медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүп, жаңы окуу жылына ишке киришкенин билдирди:
Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева
“Саламаттык сактоо тармагы эгер оффлайн форматта билим берүүгө өтөбүз десеңер эмдөөдөн өткүлө деген талапты койду, биз ал талапты аткардык. Бүгүнкү күндө мугалимдердин 70%дан ашыгы эмдөөдөн өттү. Кош бойлуулар, өнөкөт оорусу барлар гана дарыгердин кеңеши менен эмдөө албай калбаса калгандары вакцина алды.”
Деген менен мугалимдерди эмдөөдөн өткөрүүдө маселе жаралган жок деп айтуу болбосун билдирет Гүлшан Абдылдаева. Министрлик эмдөө иштери боюнча түшүндүрүү иштерин онлайн жолугушууларды уюштуруп мугалимдердин суроолоруна жооп берип турушкан.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинин информатика сабагынын мугалими Акылай Алмазбекова
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинин информатика сабагынын мугалими Акылай Алмазбекова ал иштеген мектепте жалпы 44 мугалим болсо алардын ичинен 41и вакцина алганын белгиледи:
“Айылда апрель, май айларынан баштап эмдөөгө чакыра башташты. Мектепте иштеген мугалимдердин көпчүлүгү ушул май айында эле вакцина алышты. Алгандарда өзгөрүү деле болгон жок деп айтып жатышты. Бирок вотсап группалардан келген маалыматтарды да текшерип көрүшкөндөрүнө күбө болдук. Кээ бирлери магнитти коюп көрдүк, жабышкан жок деп айтып күлүп жатты. Мен өзүм да май айында алган элем, буюрса баары жакшы.”
Акылай Алмазбекова эмдөөдөн эң алгач өз ден-соолугубузду ойлоп өтүшүбүз керек деп эсептейт. Ошондой эле балдар менен иштегендиктен алардын ден-соолугу дагы алдыңкы орунда турат.
Өлкөнүн айрым аймактарында мугалимдер элге вакцина боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндүктөн айыл өкмөтү тарабынан атайын көчө көчөлөргө медицина кызматкерлери, мугалимдер жана вакцина алган жашоочулар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мугалими Жылдыз Жайнакова элдин вакцинадан баш тартып жатканын себеби социалдык медиада тараган фейк маалыматтар экенин белгилейт:
«Биз көчөдөн тааныш эле адамдарга вакцина алгандыгы тууралуу сурадык, көпчүлүгү жок алган жокбуз деп жооп берип жатышты. Себеби, алар интернеттен алган маалыматтардан улам коркуп жаткандыгын билдиришти. Бирок биз аларга өзүбүз алгандыгыбыз жөнүндө, азыр эч кандай терс таасирин байкалбагандыгын жана вакцинаны алган тааныштарыбыз өздөрүн жакшы сезип жаткандыгын айтып бердик. Өз ден — соолугубуз үчүн кам көрүп, вакцина тууралу жакшы маалымат берип өз тажрыйбабыз менен тең бөлүштүк.»
Пандемия аймактардагы ишкерлерге кандай таасир этти?
Айгерим Кубатбекова