Быйыл өлкөдө пандемия менен бирге эле кургакчылык да дыйкандарга кедергисин тийгизди. Жаан-чачын нормадан аз жаап, суунун көлөмү азайып, чөп жана дан өсүмдүктөр күйүп кетти. Албетте, мунун себебинен түшүм азайып арпа, буудай, чөптүн баалары кескин көтөрүлдү. Быйылкы түшүм кандай болду деген суроону Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек Батталовго узаттык.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек Батталов
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык.
-Рысбек Сапарбекович, Кара-Суу айылында дыйкандар көбүнчө эмне өстүрүшөт.
-Биздин район мал чарбасына басым жасайт, ошондуктан дыйкандарыбыз арпа, эспарцет, беде айдашат, ал эми буудай аз айдалат. Албетте, Кочкорго картошка жакшы өскөндүктөн аны да өстүрүшөт.
-Быйыл айылда түшүм кандай болду?
-Учурда дыйкандар гектарына 26-27 центнерден түшүм алып жатышат. Бул ылдыйкы көрсөткүч. Анын себеби баарыбызга белгилүү. Бул жаан-чачындын аздыгы, суунун тартыштыгы болду. Азыр дан эгиндерин жыйноо ортолоп калды.
—Айтсаңыз, айыл-чарба азыктарына баанын көтөрүлүшүнүн себеби эмне деп ойлойсуз?
-Эң башкы себеби күйүүчү майдын кымбатташы. Күйүүчү майдын баасы күндөн-күнгө өсүп жатат, кымбатчылык дыйкандарды бир топ түйшүккө салды. Азыркы учурда майдын баасы 56 сомго чыкты.
-Кымбатчылык пандемия менен байланыштуу деп ойлойсузбу?
-Менин оюмча пандемия арпа жана чөптүн кымбатташына тиешеси жок деп ойлойм.
-Маегиңизге чоң рахмат.
Айыл чарба азыктарынын ичинен эң арзаны картошка, учурда анын 1 килограммы 14-15 сом.
Бир боо чөптүн баасы 200 сомдон кем эмес.
Ал эми арпанын баасы Кочкордо 20 сом.
Бакыт Кожокматов