Кочкор районунун Төлөк айылы райондон алыс жайгашкан, климаты катаал болуп саналган айылдардын бири. Кышкысын кар жатпаса да бул айылда кыш катуу кармайт. Ошондуктан айыл эли кыштын камын эрте көрүшөт.
Кыш мезгили жакындап калгандыктан айыл эли көмүрдүн келишин күтүүдө. Ал эми «Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Райымбек Алыбаев менен маектешкенибизде, ал төмөнкүлөрдү билдирди:

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Райымбек Алымбаев
«Айыл аймагында 2021-20222-жылдары күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү аны ийгиликтүү өткөрүү максатында айыл өкмөтүнүн 3-май 2021-жылы буйругу чыгарылып айыл акмактык штаб түзүлгөн.
2021-2022-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдерине даярдык көрүүгө карата көмүр отунун сатып алууга жана таратууга тендер өткөрүлүп Кара-Кечеден «Беш-Сары» көмүр казуу участогунан мектепке 12 тонна, бала бакчага 18 тонна көмүр тартылып келип түшүрүлгөн. Мындан тышкары, мектептин электрокотелу ремонттолуп жаңы насос алынып ишке берилген. Жалпысынан мектеп, бала бакча, айыл өкмөттүн имараты көмүр менен толук камсыз болушту».

Айыл элине жакынкы аралыкта көмүрлөр тартыла баштайт
Айыл элине Кадыр Алтымышов көчөсү №272 үйдүн короосуна уюштурулуп даярдалган. Бирок азыр көмүр түшө элек. Жакынкы убактарда күтүшөт деп камылга көрүүдө. Былтыр айыл элине 1 тоннасы 3000 сомдон көмүр тартылып келинип, бул көрсөткүч район боюнча эң арзан баада болгон. Быйыл дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын жана баасы чечиле элек экендигин жергиликтүү бийлик кошумчалады. Ал эми айылдык ФАПка Кочкор райондук борборлоштурулган ооруканасы аркылуу көмүр тартылат.
Айпери Марлес кызы