Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде жаш мугалимдерди жумушка кабыл алуу 2019-жылдын 16-январындагы педагогикалык кеңешинин кызматкерлерди кабыл алуу боюнча жобосуна ылайык атайын сынактын негизинде жүргүзүлөт.
Бул тууралуу мектептин директору Казыбек Асылбеков төмөнкүлөрдү билдирди:

Мектеп директору Казыбек Асылбеков
«Мектептин педагогикалык кеңешинде атайын мектепке адистерди кабыл алуу тартиби боюнча Жобо кабыл алынган. Жобону негизги максаты, мектепке тажрыйбалуу, жогорку компетенттүү адистерди тандап алуу. Бул багытта атайын адистерди каттоо жүргүзүлгөн. Ал эми сынакка каттоодон сырткары дагы атайын адистиги бар адамдар катышуусун камсыздоо үчүн Оттук жана Казан-Куйган айыл тургундарынын Whats App тайпасына жарыя кетиргенбиз. Сынакта атайын комиссия тарабынан, тест, жазуу иши, компьютердик сабаттуулугу боюнча өтүшөт. Буюрса мындан ары да мектепке кабыл алуу дал ушул тартип менен жүргүзүлөт.
Азыркы учурда тилекке каршы ар кандай жолдор менен жумушка кирүүгө аракет кылгандар жок эмес. Эгерде талапкерлер ушундай жолду тандап алса, дароо сынактан четтетилет. Бул сынактын талаптарынын бири. Сынакты комиссия өткөрүп, жыйынтыгын директорго сунуштама катары берет. Сынак атайын видеого тартылып, 10 күнгө чейин сакталат. Мындан сырткары онлайн түз алып көрсөтүү дагы уюштурулган. Каалоочулар сынактын жүрүшүн толугу менен көрө алышат».
2021-2022-окуу жылына карата «Наристе» тайпасынын мугалиминин убактылуу бош ордуна квалификациясы жогору мугалимди кабыл алуу боюнча сынак жарыяланган. Сынакты өткөрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, жобого ылайык катышуучулардан кесиби боюнча 30, педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча 10, башка интеллектуалдык суроолор боюнча 10 суроодон турган тест алынды. Мындан тышкары, компьютердик сабаттуулугун текшерүү үчүн катышуучулар компьютер менен иштөө көндүмдөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле сынак Google Meet программасында онлайн форматта да көрсөтүлүп жатты.

Сынактын жүрүшү

Кокурсанттардын иштерин текшер учуру

Сынактын онлайн түз берүүсү
Сынактын жүрүшү тууралуу комиссия мүчөсү Клара Абдыкадырова төмөнкүлөргө токтолду:
«Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин даярдоо классынын мугалимдик ордуна конкурс менен кабыл алуу жүрдү. Мен Абдыкадырова Клара башталгыч класстарынын мугалими болуп эмгектенем. Бүгүнкү конкурстун комиссиясына мүчө болуп шайландым. Конкурстун жүрүшүнө жобо иштелип чыгып, алдын ала жарыя берилген. Жобого ылайык жаштардан төрт кадр конкурска катыша алышты.
Конкурс 2021-жылы 14-сентябрда өттү. Ушул эле мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери тарабынан тесттик суроолор түзүлүп, комиссиянын мүчөлөрү шайланды. Атайын темалар боюнча эссе жазышып, математика, кыргыз тили, адабий окуу сабактарынан, ошондой эле компьютердик дизайн жана педагогикалык-психологиялык тесттер даярдалды. Конкурстун жүрүшүндө алгач предметтер боюнча убакыттын ченеми менен тапшырмаларды аткарышты.
Андан соң педагогикалык тестти, эссени тапшырып, компьютердик технологияда иштөөдө берилген тапшырмаларды калыстык катары конкурсанттарды бири-биринин бүтүргөн иштерине күбө кылуу менен бааланды. Конкурс видео байкоонун алдында жана онлайн түрдө элге, мектеп коллективине байкоо жүргүзүү үчүн ачык жана так өттү. Конкурска катышкандардын ар бири аткарган тесттик тапшырмалары бааланып, упай берилүү менен жеңүүчү аныкталып, жыйынтыкталды. Айрым кетирген кемчиликтерин бетме-бет отуруп, ар бир кадрга түшүндүрүлүп, көргөзүлүп берилди. Эч кандай нааразычылык болгон жок, бардыгы өз көз алдыларында өттү. Келечектеги жаш кадрларга мектепке келип, сабактарга катышып, тажрыйба алып туруусунун бир жетишкендиги ушунда билинди. Мындан кийинки убактарда тажрыйба алып туруу үчүн мектеп эшиги ачык!»
Комиссия мүчөсү Чынара Абдыкеримова:
«Конкурстун максаты, даярдоо класска жаңы кадр тандап алуу болду. Жаш кадрлардан төрт адам конкурска катыша алышты. Конкурс замандын талабына ылайык жүргүзүлдү. Башкача айтканда онлайн түрүндө жүргүзүлүп , бул учурда өтүлүп жаткан конкурска башка мектептер, айыл аймагынын тургундары да күбө боло алышты десем жаңылышпайм. Конкурстун жыйынтыгы менен жаш кадр Мунара Айткулова 29 балл менен жеңишке ээ боло алды. Катышуучуларга да ийгилик, ден соолук каалайм.»

Мунара Айткулова
Сынакта «Наристе» тайпасына жеңүүчү аталган Мунара Айткулова өз ою менен бөлүштү:
«Мен Айткулова Мунара Кубанычевна. 1990- жылы Ысык-Көл областында төрөлүп, өскөм. 2008-2014-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун «Экономика жана менеджмент» факультетин аяктагам. Бирок, өз ишимди башкача айтканда өзүмдүн көңүлүмдөгү кесибим мугалим экендигин билип, кайрадан мугалимдик кесипти окууну улантууну туура көрдүм. Токмок индустриальндык педагогикалык колледжинде «Башталгыч класстын мугалими» кесибин 2015-жылы аяктап, 2016-жылы Кемин районуна карашту Бообек айылынын Ак — Тилек орто мектебинде эмгек жолун баштадым. Турмушка байланыштуу борбор шаарына көчүп келип, ал жерден М.Абдраев атындагы Музыкалык мектеп — интернатына кайрадан башталгыч класстын мугалими болуп кабыл алындым. 2021-жылы Казан — Куйган айылына турмушка чыгып, мектептен тажрыйба топтоп, практикадан өтүп жаттым. Сынак абдан таза өттү. Бир аз гана толкундоолор болду. Кантсе да сынак эмеспи.
Сынакта абдан тажрыйбалуу мугалимдер калыс баасын берди деп эсептейм.»
Акылай Алмазбекова