Кары- картандар иммунитеттери алсыз болгондуктан COVID-19 вирусун бат жуктуруп алуу коркунучу бар. Суусамыр айылдык ооруканага көбүнчө кары адамдар өздөрүнүн өнөкөт оорулары менен кайрылышат.
Бул тууралуу Суусамыр «Айылдык ден-соолук комитетинин» жетекчиси Чолпон Кулсариева билдирди:
Чолпон Кулсариева
«Азыркы учурда өлкөдө COVID-19 вирусу күч алып жатат. Бул вирусту көбүнчө иммунитеттери алсыз болгондуктан, кары-картаңдар бат жугузуп алышы мүмкүн. Андыктан Суусамыр айыл аймагынын тургундарын эрежелерди сактоого чакырам. Кары адамдар көбүнчө кант диабети, муун оорулары менен көп кайрылышат. Биз колдон келишинче жардам бергенге аракетибизди кылабыз».
Суусамыр аксакалдар сотунун төрагасы Үсөн Бурканбаев вирустан кийин ден-соолугун чыңдаш кыйынчылык жаратаарын айтты:
Аксакалдар сотунун төрагасы Үсөн Бурканбаев
«Өзүмдү жаман сезип баштаганда, дароо эле Суусамыр айылдык ооруканага барып дарыланып баштадым. Өзүмө алсырап, вирустун белгилери сезилип жатты. Райондук ооруканага барып бир жума дарыландым, анализдер таза чыкты. Оорудан кийин өзүңдү калыбына келтириш өтө оор. Алсыз болуп бат эле ооруп калышың мүмкүн. Учурда иммунитетимди көтөргөнгө, өзүмдү вирустан сактаганга аракет кылып жатам»-, дейт айыл аксакалы.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Атыркул Насылканова вирустан сактанып жаткандыгын, өзүнүн өнөкөт оорулары менен гана ооруканага кайрыларын айтат:
Атыркүл Насылканова
«Жашың өткөн сайын алсыз болуп, ооруп баштайт экенсиң. COVID-19 вирусу күч алгандан тарта эрежелерди сактап жатабыз. Пандемия учурунда ооруканага көп барбай, үйдөн чыкпай эрежелерди сактап жаттык. Азыркы учурда ооруканага өзүмдүн өнөкөт ооруларым менен гана кайрылам. Суусамыр ооруканасынын мед кызматкерлери канааттандырарлык тейлөө көрсөтүшөт. Абалым оорлоп калганда райондук ооруканага барам».
Дарыгер: «Вакцина иммунитетти пайда кылат»
Айдана Токтобекова