Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Үркүнчиев Сыдык атындагы №11 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Садыкова Асанбүбү учурда жүрүп жаткан Ковид-19 га каршы эмдөө иш-чарасы тууралуу төмөнкү маалыматтарды берди.
Асанбүбү Садыкова-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы
«Азыркы учурда Ковид-19 га каршы эмдөө иштери Кыргызстан боюнча кызуу жүрүп жатат. Биринчи кезекте вакцинаны эл менен тыгыз байланышта иштеген жарандар алууга тийиш болот. Албетте, вакцинаны алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Тактап айтсак, мугалимдер, медицина кызматкерлери, айыл өкмөттө иштеген жарандар жана бала бакчада иштеген адистер. Аны сасык тумоо болуп дене табы көтөрүлгөндөргө, онкологиялык оору менен ооругандарга, ошондой эле кош бойлуу аялдарга саюуга болбойт.
Ковид-19 га каршы эмдөө жүргүзүү учурунда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын пайдасы айтылды. Вакцина иммунитетти пайда кылат жана бул ооруну жугузуп алуу коркунучун азайтат. Аталган айылда эмдөөнүн биринчи этабы 30-апрелде жүргүзүлүп, 12 мугалим, айыл өкмөттө иштеген 2 кызматкер жана 3 медицина кызматкери эмдөөдөн өтүштү. Ал эми эмдөөнүн экинчи этабы ушул жылдын 21-майында жүргүзүлөт»,- деп билдирди дарыгер.
ФАПтын сырткы көрүнүшү
Бакыт Кожокматов