Оттук айылында коронавирус оорусу менен катталгандар жок. Бул тууралуу ооруну алдын алуу боюнча иштерди көзөмөлдөө штабы билдирди.
Бирок чет мамлекетте эмгектенип жүргөн Оттук айылынын тургуну Элиза Төрөгелдиева өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Менин оюм боюнча акыркы жылдарда ар кандай вирустук оорулардын саны көп. Мунун себеби катары, экологиянын өзгөрүшү, биологиялык лабораториялардагы жүргүзүлүп жаткан байкоолор, адамдын санитардык- гигиеналык нормалардын сакталбай жаткандыгы, туура эмес тамактануу ж.б. кириши мүмкүн.
Эми азыркы убакытты алсак, Ковид -19 вирустук оорусу абдан чоң коркунуч жаратып келүүдө. Мен чет өлкөдө жүргөндүктөн режимди аябай эле катуу кармаганга аракет кылып жаттым. Бирок ага карабастан, ковид менен ооруп калдым. ПЦР тест тапшырып аныктадым. Буга чейин социалдык тармактарда врачтардын постторуна көп көңүл буруп, иммунитетти бекемдөө үчүн витаминдерди ичип келгем, балким ошого байланыштуу бир аз жеңилирээк өттү деп ойлоп жатам. Бирок, көп убакыттан бери өзүмө жакшы келе албай жатам, бул оору адамда болгон бардык башка өнөкөт ооруларды козгоп чыгат экен.
Негизи Ковид -19 вирустук оорусу пайда болушу менен кадимки сасык тумоо жок болуп кеткендей. Көп адамдардан угуп, көрүп калам башы ооруса деле, муундары ооруп калса же мурду бүтүп калса деле ковид болуп жатам деп калышты. Мисалы, биз бала кезде кышында суукта сасык тумоого көп кабылчубуз. Ойноп тердеп келип, суукка карабай чечинип алып ооруп калган күндөр болду. Дене табы көтөрүлүп, ыкшып жөтөлүп, шалдырап жатып калганда, апаларыбыз ысык шорподон ичирип, тамак шишип калганда сары май менен көтөрүп айыктырып коюшчу эле.
Айтарым, бул ооруну тест аркылуу гана аныктоого болот экен. Анткени, анын кээ бир белгилери башка оорулардыкына окшошуп да кетиши мүмкүн. Буюрса дарыланып алып эмдөөдөн өтөйүн деп ойлоп жатам. Баарыңыздарга бекем ден соолук каалайм!»
Акылай Алмазбекова