Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Замира Орунбаева илдет менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу эмдөө деп белгилейт. Учурда эмдөөгө каршы таратылып жаткан жалган маалыматтар адамдарды адашууга алып келип жатканын айтат.
“Элдин саламаттыгын ойлоп, күн-түн дебей иштеп жүргөн медицина кызматкерлеринин эмгегин теңге илбей, эл арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жөнүндө фейк-маалыматтарды таратып жаткандар, алардын арасында сыйлуу курактагы аксакалдардын болушу бизди өкүндүрөт. COVID-19ду эмдөө жолу менен гана токтото алабыз”.
“Эмнегедир биздин элибиз туура эмес, фейк маалыматтарга көбүрөөк ишенип, ал эми медицина кызматкерлери өздөрү алгачкылардан болуп, өзүнүн керт башында сыноолордон өтүп, ооруган учурда дагы жеңилирээк өтө турганын элге маалымдап айтсак, ушул маалыматка негедир жакшы ишенишпей, туура эмес маалыматтарга көбүрөк жатканы бизди өкүндүрөт”.
“Ошондуктан, жарандар сиздерден сураныч, кеч боло электе, биздин жакын, кымбат адамдарыбыздан айрылып кала электе, бүгүнкү күндө убакыт бар, 75% элибизди эмдетип алсак, ушул ооруну токтотуп калат деген чоң үмүттөбүз”,- дейт Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Замира Орунбаева.
Анара Мааметова