Өлкө боюнча коронавируска каршы эмдөө иштери март айынан тарта жүрүүдө. Ал үчүн убактылуу эмдөө пунктары ачылып, мобилдик бригадалар уюштурулган. Аймактардагы эмдөө иштери кандай уланып жатканына кызыгып көрдүк.
Нарын облусуна караштуу Кочкор айылында жалпы эмдөө жүрүп жатат. Алгачкы күндөрү дарыгерлер күчөтүлгөн абалда мамлекеттик уюмдарды кыдырып эмдөө жүргүзүшкөн. Учурда райондун борборуна чатыр тигип алып эмдөөнү улантып жатышканын айтат невропатолог дарыгери Нуржан Асанбаева:
“Вакциналоо активдүү жүрүүдө. Биз «Синофарм» түрүндөгү вакцинаны сайып жатабыз. 18 жаштан жогору жана вакцинаны алууга дени сак адамдарга сунуштайбыз. Кош бойлуу, кант диабети жана өнөкөт оорулары бар адамдарга вакцина алууга болбойт. Гендердик жактан байкоо жүргүзсөк, эмдөөгө келгендерин басымдуу бөлүгү эркектер жана 40 жаштан жогору адамдарды түздү.”
Ал эми Сокулук районундагы Кызыл Туу айылында эмдөөдөн өтүп жаткандардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик кызматкерлер. Эмдөө айылдык ФАПта саат 8.00 — 18.00 чейин жүргүзүлүүдө. Медайым Күнчүрөк Кулова билдиргендей вакцина алганы келген жарандар алгач текшерүүдөн өтүп баары жайында болгон учурда гана вакцина алып жатышат:
“Эмдөө жаз айларында башталып алгачкы вакцинаны медицина кызматкерлери өзүбүздөн баштадык. Кудайга шүгүр баары жакшы, башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстанда да эмдөө милдеттүү түрдө эмес, бирок көпчүлүк вакцинага келгендер мугалимдер жана мамлекеттик кызматкерлер болууда. Бардыгы өз каалоолору менен алып жатышат. Азырынча эч кандай арыздануу болгон жок, бул вакцина мурда алып жүргөн прививка сыяктуу эле өтүп жатат. Жакындарыңарды өзүңөрдү оорудан сактайм десеңер биздин эшик ар дайым ачык”.
Нарын облусунун Учкун айылында социалдык медиа аркылуу тараган вакцина боюнча фейк маалыматтар эмдөөнү жайлатты. Бирок, медкызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан улам Учкун айыл аймагынын башчысы Эркин Өмүрзаков элге кайрылуу жасады:
“ Дендин сагы, пейилдин агы жакшы денибиз сак, пейлибиз ак болсун. Куланак айылдык ҮДТ на келип бекер вакцина алып кетиниздер. Кайдыгер карабайлы, мамлекетибиз ар бир жаран үчүн кам көрүп атат, жалган маалыматтарга ишенбегиле. Айылдагф ҮДТдагы мед айымдары менен биргеликте, үймө — үй кыдырып бекер вакцина сайып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атышат. Жалпы элдин амандыгы баарыбыз үчүн маанилүү.”
18 — июль күнү айыл тургундарын үймө- үй кыдыруу учурунда жалпы: 68 түтүн үйгө ҮДТ жана айыл өкмөт кызматкерлери барышып, 130 жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 17 кытай өндүрүшүнөн чыккан «Синофарм» вакцинасы сайылды деп билдирди Учкун айылдык ҮДТ — тобунун мед кызматкери Назира Абдраева.
Ак-Талаа районунда болсо калкты өмдөөдөн өткөрүүчү алты эмдөө пункт ачылып, дем алышсыз иштеп жатат. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Эльмира Токтогулованын маалыматына караганда 6300 даана «Синофарм» вакцинасы менен 368 жаран эмдөөдөн өттү:
“Синофарм вакцинанын буга чейинки келген 1-дозасы менен 503, 2-дозасы менен 477 жаран эмделген. 33 доза убактысы келгенде эмдөө жүргүзүүгө кармалып турат. Эмдөөнүн алгачкы учурларына караганда азыркы тапта вакцина алып жаткандар кээде кезек күтүп калууда. Мындан улам эмдөө керек экенин элдер түшүнүп калышты деп ойлоп жатабыз.”
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында дагы эмдөө жүрүүдө. Шаардын вице-мэри Марзия Сапаркулов элге үлгү болуу максатында эмдөөнү алгач жетекчилерден башташканын айтат:
“Сүлүктү шаары боюнча 13-июлдан баштап, үч жерде шаардагы поликлиникада, мэриянын имаратына кошо жайгашкан балдардын чыгармачылык борборунун имаратында (көчмө) жана Кошбулак аймактык башкармалыгындагы поликлиникада COVID-19 га каршы калкы вакцинациялоо иштери жүрүп жатат. Вакцинациялоо пунктары саат 8:00 дөн баштап 20:00 гө чейин кызмат кылууда. Сүлүктү шаарына жалпы 1000 доза вакцина келген болсо, 16-июль күнүнө карата 183 ашык киши вакцина алды”.
Оорулар сыяктуу эле, вакцина дагы иммундук системаны белгилүү бир антителолорду жасоого үйрөтөт. Бирок, вакциналарда белгилүү бир оорунун козгогучтарынын — вирустун же бактериянын — өлтүрүлгөн же алсыраган түрлөрү гана болот, алар ооруга алып келбейт жана аны менен байланышкан татаалдашуу коркунучун жаратпайт. Көпчүлүк вакциналар сайылат, бирок оозеки эмдөө (ооз аркылуу) жана мурундун аэрозолдору (мурун аркылуу жасалат) да бар”- дейт Сүлүктү шаары боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Асатбек Ибрагимов. Ошондой эле башка адистер дагы мындай пикирде. Коронавирусту жеңүүнүн бирден бир жолу эмдөөдөн өтүү дешет.
Деген менен өз ыктыяры менен эмдөөдөн өтүүнү каалагандар дагы жок эмес. Ноокат районуна караштуу Кулатов айылынын тургуну Кансулуу Миңбаева ооруканга вакцина келгенин угуп эмдөөдөн өткөнү келген:
“Мен вакцина берилип жатканын угуп эле өз ыктыярым менен келип вакцинаны алдым. Вакцинаны алыш керек. Бул өзүбүздүн ден- соолугубуз үчүн пайда. Вирус күндөн күнгө жайылып жаткан учурда ар бир адам өзүнүн ден- соолугуна өзү кам көрүүсү керек. Санитардык гигиеналык эрежелерди сактоосу зарыл. Бардык менин айылдаштарыма, коңушуларыма ошондой эле жалпы кыргыз элине кайрыларым акысыз берилип жаткан вакцинаны убагында келип алса жакшы болот”.
Суусамыр айыл аймагында эмидемиологиялык абал туруктуу. Ошондой эле жашоочулардын вакцина алууга көз карашы дагы түз экенин аталган айылдын дарыгер ординатору Керемет Жакутбекова билдирди.
«Суусамыр айыл аймагына 400 даана вакцина алынып келинген, Кара-Балта шаарында вакцина жетишпегендиктен, 200 даана вакцина райондук ооруканага которулду.
Вакцина иши жакшы жүрүп жатат, биз көбүнчө айыл өкмөтүнө, жергиликтүү элге түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатабыз. Элдин кабыл алуусу мурдакыга салыштырмалуу жакшы. Ал эми азыркы учурда 40 адам эмделди, алардын көбү мед кызматкерлери. Вакцина алып COVID-19 вирусуна чалдыккандар жок. Эмдөөдөн кийин кан басымы көтөрүлүп, аллергиялык реакцияга кабылган адамдар жокко эсе».
Белгилей кетсек, акыркы сутканын ичинде 58 398 адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Алардын ичинен: Бишкек шаарында — 1733; Ош шаарында — 754; Ош облусунда — 43015; Чүй облусунда — 1519; Ысык-Көл облусунда — 3402; Талас облусунда — 1012; Нарын облусунда — 2005; Жалал-Абад облусунда — 2991 жана Баткен облусунда — 1967адам эмделди.
КОВИД-19: Организмди калыбына келтирүү
Ковидден кийин ден-соолукту кантип калыбына келтирсе болот?
Айгерим Кубатбекова