Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылында Covid-19 илдетине чалдыккан тургундар бар. Оор абалдагылары райондук ооруканага жеткирилүүдө. Жеңил түрү менен ооругандар дарыгердин көзөмөлүндө болуп, күндүз ФАПка келип дарыларын алышат.
Айнура Иманалиева Тунук айылдык ФАПта медайым болуп көп жылдан бери эмгектенет. Пандемия башталгандан бери Тунук айылынын тургундарына жардамын берип келет. Коронавирустан сактануунун эн башкы жолу вакцина алуу керек деген пикирин билдирди:
«Айылдагы тургундардын абалы азыр жакшы. Өткөн айда көп болуп жаткан, азыр бир- экиден эле. Ооругандан кийин ден-соолугун өз калыбына келтирүүдө ар бир адамдын өзүнөн. Туура тамактануу, таза абада дем алуу, спорт менен машыгуу, дарыгердин сөзүн так аткаруу, майлуу тамак жебөө, суусундук көп ичүү, витаминдүү жер жемиштерди, өсүмдүктөрдү жеш керек. Алкоголь ичимдиктерин ичпөө. Сөзсүз түрдө вакцина алуу тийиш. Ооруп жатып албай, отурган-жаткан жерден зарядка жасоо керек.
Тамакты бир бат ичип албай, аздан жана бат-баттан жеп туруу зарыл. Covid-19 грипптен бир аз айылмаланат. Бул ооруда адам көп кыйналат, деми кысылып, абдан алсырайт, кээ бир учурда адамдын температурасы жогору болгондо галлюцинация болот. Башка элдердин сөзүн угуп, өз алдынча дарыланбай, доктурга көрүнүү зарыл. Бизде азыр мобилдик бригадалар иштөөдө. Үйдө отуруп чалса, дарыгерлер келип тест алып кетишет. Бир, эки күндө так жыйынтыгы келет. Адамдар көп жерлерге барбаш керек.»
Бул ооруга бир гана улуу адамдар эмес, жаш балдар, мектеп окуучулары арасынан дагы ооругандар катталган. Атын атагысы келбеген мектеп окуучусу оору кандай өткөнүн айтып берди:
«Мед айымдар бизди жакшы караган. Өз убактысы менен асма ийне куюп, дарыларды берип жакшы мамиле кылышкан. Ооруганда кыйналуулар болгон. Тамак ооруп, дем жеткен эмес жана күч жок, чарчоо көп болчу. Доктурлар үч маал келип дене табымды текшерип кетишчү. Ооруканада бир жума болдум, андан соң шаарга барып рентгенге түшүп келгем, жыйынтыктар туура, так жана таза чыккан.»
Эгер айыл тургундарында баш оору, дене оорусу, жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилер пайда болсо, ФАПка кайрылып же мобилдик бригаданы чакыруу зарыл дешет медкызматкерлер.
Темага байланыштуу жаңылыктарды окуңуз:
Айыл өкмөт башчы: «Той-аш, конокко барууну токтотолу»
Малика Макешова