Сүлүктү шаары боюнча пандемияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча штабдын маалыматы боюнча 2021-жылдын 13-июнга карата Сүлүктү шаары боюнча 155 адам ооруп катталган. Алардын ичинен 45 адам айыгып чыкты, 82 жаштагы 1 киши каза болду. Учурда ооруканада 11 киши, амбулатордук шартта 98 киши дарыланууда. Ооругандардын 40% коронавирустун женил формасы менен ооруп жатат. Бир мобилдик топ күнү-түнү иштеп жатат.
Сүлүктү шаары боюнча пандемияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча штабдын башчысы, вице-мэр Марзия Сапаркулова:
“Учурда коронавирус менен ооруп катталгандар, бирок карантин режимин сактабай, көчөдө жана коомдук жайларда элге аралашып жүргөндөр көбөйдү. Алар аркылуу оору элге тез таркап, күн сайын ооругандар көбөйүп жатат. Коронавирустун жайылуусун алды- алуу максатында, шаарыбыздын мэри А.Халбековдун сунушу менен кичи аймактар боюнча, тагыраагы ар бир коомдук өзүн өзү башкаруу аймагында чакан штабдарды түздүк.
Чакан штабдар өздөрүнүн микроучасткасы боюнча коомдук мамилелерди жөнгө салуу, санитардык талаптарды сактоо боюнча иш алып барып, коомчулук менен мэриянын ортосунда маалыматты тез алмашууну камсыз кылат. Чакан штабдын башчылары болуп коомдук өзүн өзү башкаруу аймагынын башчылары, мүчөлөрү милициянын аймактык тескөөчүлөрү, участкалык медсестра жана мэриянын кызматкерлери бөлүнгөн. Чакан штабдардын ишин күчөтүү менен биз пандемияга каршы күрөштү жакшыртып жатабыз”, -деп маалымат берди.
Бакытбек Сапаркулов