Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында «Ден соолукту чыңдоо комитети» тарабынан жергиликтүү элге окутуу болуп өттү.
Окутууну Жайыл районунан келген атайын адистер өттү. Анда COVID-19 ГА каршы эмдөөдөн эмне себептен өтүү керек, он бир жаштан он төрт жашка чейинки өспурүм кыздар эмне себептен жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөдөн өтүүсү керек жана кургак учутуктун белгилери кандай болору тууралуу пайдалуу маалыматтар болуп өттү. Иш- чарага мектеп окуучулары, ата-энелер, мугалимдер жамааты катышты. Жана ошондой эле окутууга ар бир каалоочу кирип, өзүн кызыктырган суроолоруна жооп алып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Окутуу Суусамыр өрөөнүнүн беш айылында тең жүрдү. Окууга келген ар бир катышуучуга атайын өзүнө жугуштуу оорулар тууралуу маалыматтарды камтыган брошюралар таратылды.
Иш- чара тууралуу Ден ссолук чындоо комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова айтып берди:
«Менин оюмча бүгүнкү иш-чара элибизге өтө пайдалуу болду деп эсептейм. Себеби окутууда көптөгөн маалыматтарды ала алышты десем жаңылышпайм. Окутуунун программасы тууралуу айта кетсем, бул кургак учуктун белгилерин кантип байкаса болот, COVID-19 каршы эмдөөдөн эмне себептен өтүү керек жана башка керектүү маалыматтарды камтыды. Жана ошондой эле келип бизди колдоп, катышып берген ата-энелерге жана мугалимдер жамаатына дагы ыраазычылык билдиргим келип турат. Негизи биз мындай окутууларды көп эле өтүп келебиз. Жылдан жылга айыл тургундары өздөрүнүн саламаттыгына кам көрүп, жоопкерчиликтүү боло баштады десем дагы жаңылышпайм».
Айтурган Кушкарбекова