Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын тургуну Л.Бердибекова үйүнүн алдына наристе ташталгандыгы тууралуу РИИБнө кабар берген. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Б.Осмоновдун катышуусунда медициналык кароо жүргүзүлгөн. Андан соң убактылуу багып туруу үчүн райондук жалпы дарыгерлер тобунун төрөт бөлүмүнүн медицина кызматкерлеринин карамагына берилген.
Дарыгердин наристе тууралуу жазылган маалымдамасына караганда наристенин төрөлгөнүнө болжол менен 10-15 күн болгон.
Учурда Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана РИИБ наристенин энесин издөө иштеринин жыйынтыгын күтүү менен бирге балага тиешелүү документтерди топтоодо. Ошондой эле кыз балага ат коюп, ЖААК бөлүмүнөн туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алып берүү аракеттери көрүлүүдө.
Акимдин орун басары Кенже Карагулованын маалымына караганда наристенин энеси табылып калса, анда энесинин макулдугу менен ташталган үйгө асыроого берүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми дареги табылбай калган күндө мыйзам боюнча Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.
Барчын Мамытбекова