Үй-бүлөнү пландоо бул жуптар арасында баланын төрөлүшүнө жоопкерчилик алууга эне дагы, ата дагы бирдей милдеттүү дегендик. Мындай болбогон учурда “күтүлбөгөн” наристе төрөлүшү мүмкүн же түйүлдүктү бойдон алдырууга туура келет. Айрым жубайлар бойдон алдыруу-үй-бүлөнү пландоонун бир ыкмасы катары көрүшөт. Бул эненин ден-соолугуна жана психикасына терс таасир этет.
Баетов айылынын 34 жаштагы тургуну Асылжандын (аты өзгөртүлдү) эки уул, эки кызы бар. Мындан 10 жыл мурда баласына тогуз ай болгондо боюна бүтүп калып, алдырууга туура келген:
“Кыргызда эмчек үстүнө деп коет эмеспи. Экинчи баламды эмизип жүргөндө эле боюма болуп калды, бул кезде улуусу 4 жашта болчу. Апама айтсам кебетең кантет, арыктап өлгөнү калдың алдырып сал деди. Мен бирок күйөөм менен кеңешип көрүп бир чечимге келүүнү ойлоп, ага айттым. Ал дароо эле алдыр деди. Мен андан башка жооп күтүп жаткам. Көрсө, ал коркобу же жоопкерчиликтен качабы айтор, балалуу болгусу келбегенин кийин байкадым. Ошентип боюман алдырдым. Дарыгер дагы дароо эле ала койгон жок. Күнөөгө батырып жатканымды, ойлонуу керектигин айтты. Мага оңой болгон жок, көпкө ыйлап жүрдүм. Азыркыга чейин ошол жаштагы балдарды көрсөм, жаман болом”.
Үй-бүлөнү пландоодо эненин ден-соолугу абдан чоң роль ойнойт. Анткени илгери энелер жүйүр төрөп (жылда төрөгөн) ден-соолуктары бузулган. Себеби, балага эненин каны, витамин, макро, микро элементтери кетет. Бала төрөгөн сайын эне арыктап, алсыз боло баштайт.
Ак-Талаа райондук жалпы практикалык дарыгерлер борборунун дарыгери Бокен Исамамбетованын айтымында төрөт аралыгы сакталбаганда түйүлдүк кысып, бөйрөгү, боору, ичегилери жабыркашы мүмкүн.
“Аялдын организми төрөгөн сайын жашарат деген менен чеги бар да. Ошол себептүү баланын төрөлүшүн жубайлар пландашы зарыл. Бойдон алдыргандан кийин сактанбаса, дарыланбаса кайра бойго бүтөт. Кайра-кайра бойдон алдыра бергенде кан кетиши же жатынга жабдык салып тазалагандан улам инфекция кирип эндометритке (жатындын ички былжыр челинин сезгениши) учурашы, тукумсуз болуп, төрөбөй калышы 90% мүмкүн. Анткени түйүлдүктү кабыл алуучу жатындын былжыр чели жөндөмсүз боло баштайт. Азыр сактануучу каражаттардын түрү абдан көп болгону менен тилекке каршы аялдарда маалыматтар жокко эсе. Качан боюнда болгондо “болуп калды, алдырам” деп келишет. Албетте медициналык корутундуга ылайык аргасыз эненин өмүрү үчүн дагы алдырууга туура келген учурлар дагы болот. Бул эми башка жагдай”.
Аялдар бойдон алдыруу зыян экенин билгени менен мындай кадамга бир нече жолу барышы ыктымал. Себептери ар түрдүү…
Таалайкүлдүн (аты- жөнү өзгөртүлдү) эки кызы бар. Айтымында күйөөсү белдүү кызматта көчүп-конуп иштечү. Учурунда “кийин деле төрөп аласың, эки кызыбыз чоңойсун. Анын үстүнө ар кай жерде жүрсөк” деген күйөөсүнүн айтканынан чыга албай, бир нече жолу удаа боюнан алдырган.
“Бекер кылыптырмын. Эми минтип эки кыздан кийин төрөбөс болдум. Күйөөм болсо бир кездеги айткандарын унутуп, эркек балам жок деп беймаза кылат. Дарыгерлердин айтканына көнбөй тазалата берип, ден-соолугум да бузулду. Азыр буту-колум ооруйт. Ал кезде спираль эле бар болчу да, сактанайын деп колдонгонум менен этек кирим келгенде тура албай калчумун. Сактануунун башка жолдору тууралуу билбептирмин деле.”
Жубайлар ата-эне болууга даяр экенин, аларга жетиштүү сүйүү, камкордук, мээрим бере ала турганына көзү жеткенден кийин гана төрөлө турчу наристелерди пландоосу зарыл. Анын бир нече эрежелери бар:
-Бала күтүлгөн кош бойлуулуктан жаралышы керек
-Балдардын төрөлүү аралыгы жок дегенде үч жыл болушу керек
-Балалуу болууну жубайлар гана чечиши керек
-Бойдон алдырбоо үчүн сактануу керек
Үй-бүлөнү пландаштыруу бул баланын санын чектеп, аз төрөгүлө деген чакырык эмес, болгону жогоруда айтылган эрежелерди так сактоо менен дени сак балдарды өстүрүү.
Барчын Мамытбекова