Ак-Талаа районунда «Бүткүл Дүйнөлүк ден-соолук күнүнө” карата райондук мамлекеттик администрациясы, Жалпы дарыгерлер практикалык бөлүмү жана райондук спорт инструктору менен биргеликте мекеме-ишканаларда эмгектеген кызматкерлер арасында «Ден соолук бардыгы үчүн» деп аталган спорттук мелдеш уюштурулуп, анда кыска аралыкка чуркоо, аркан тартыш боюнча күч сынашты.
Аркан тартыш оюну
Мимоза Абдылдабекова аралыкка чуркоодон биринчи келди
Аталган спорттук иш-чараны акимдин орун басары Кенже Карагулова ачып, жалпы катышуучуларга ийгилик каалоо менен бирге ар бир адам өз ден соолугуна кам көрө билүү керектигин белгиледи.
Кенже Карагулова акимдин орун басары
Жыйынтыгында, кыздар, балдар арасында кыска аралыкка чуркоо, аркан тартыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга 1-2-3-даражадагы дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Жарандардын кан басымын, канттын өлчөмүн текшеришти
Мындан сырткары, жалпы дарыгерлердин практикалык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ден соолукту алдын алуу максатында Дөрбөлжүн аянтына келген жарандардын кан басымын, кандагы канттын өлчөмүн ченеп, ВИЧ-СПИДге каршы тесттен өтүп, бир катар медициналык жардамдар көргөзүлдү.