Март айынан тарта 3 айлык ишембилик жарыялангандан баштап айыл аймакта ишембиликтер өтүп жатат. Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндө ишембиликке Чолпон айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен аппарат кызматкерлери, аялдар кеңеши, китепканачылар, маданият үйүнүн кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары, мугалимдер, медицина кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик болуп өттү.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инспектору Чолпон Сыдыкова: Чолпон айыл өкмөтүндө таштандыларды төгө турган 2 гектар жери бар. 2 гектар жер бөлүнгөнү менен таштанды 5 гектар жерге чейин жетип калган. Бүгүнкү күнү таштанды төгө турган жерди тосуу иши жүрүп жатат. Чолпон айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен аппарат кызматкерлери, аялдар кеңеши, китепканачылар, клубдун кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда Ак Бел участогундагы мусор таштандылары тазаланып, сетка менен тосулду.
Мугалимдер, медицина кызматкерлери жолдун жээгиндеги бактарды акташты.
Гулира Сатарова