Ак-Талаа районунда сүрөтчү Кайыпбек Султангазиевдин элесине арналган эскерүү иш-чарасы болуп, ага туугандары, жергиликтүү сүрөтчүлөр, айыл тургундары жана маданият кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында сүрөтчүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлуп, ишмердүүлүгүнө арналган бурчтар уюштурулду.
Ошондой эле сүрөт мугалимдеринин эмгектеринен турган “Менин жан дүйнөм” аттуу көргөзмө уюштурулду
Андан соң маданият үйү тарабынан сүрөтчүнүн өмүр жолу боюнча театралдаштырылган программа көрсөтүлдү.
Сүрөтчүнүн кесиптештери жана туугандары Кайыпбек Султангазиевдин маданиятка жан дили менен кызмат кылган кесипкөйлүү, таланты, адамкерчилиги тууралуу эскеришти.
Эскерте кетсек, Кайыпбек Султангазиев райондук маданият үйүндө 1971-1991-ж.ж. көркөм өнөрканасында жасалгалоочу болуп эмгектенген. Учурда маданият үйү сүрөтчүнүн ысымын алып жүрөт. Райондо сүрөтчүнүн колунан жаралган бир катар эмгектери бар.
Барчын Мамытбекова