Жыл сайын “Дордой” ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен “Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу” кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталат. Бул сынакта Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин үч окуучусу «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу» наамына ээ болушту.
Бул сынакка жети дубандын активдүү окуучулары катышып, ар кандай даражадагы дипломдор, төш белгилер менен сыйланды. Сыйлоо аземи Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлүп, сыйлыктарды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, коомдук ишмер «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, Салымбеков университетинин ректору Амангелди Жумадилов, манасчы Рысбай Исаков тапшырышты. Андан соң жеңүүчүлөр Салымбеков университетине, Ак үйгө, тарых музейине саякатка барышкан.
Акбермет Руслан кызы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу. Мындай сыйлык алуу ал үчүн чоң кубаныч тартуулаганын айтты:
«Мен биринчи даражадагы диплом менен сыйландым. Чынын айтсам күтүүсүз болуп кетти. Сыйлык алып жатканда сүйүндүм. Сыйлоо аземинен кийин мектебибиздин ардактуу бүтүрүүчү байке, эжелерибиз келип белектерин берип кетишти. Аларга дагы терең ыраазылык айтам. Бул күн мен үчүн эсте каларлык күн болду десем болот».
Айкүмүш Жумашова аталган мектептин 10-классынын окуучусу. Ал бул сынакка өз күчүн сынап көрүү үчүн катышкан.
«Мен бул сынакка өз күчүмдү сынап көрүү үчүн катышкам. «Топ-100 окуучуга кирет болдум бекен?»- деген суроо аябай кызыктырды. Шарттарды болушунча толук аткарып жөнөтүп, жообун күтүп калдым. Бат эле өттүңүз деген жооп келди. Башында көп ишенген жокмун, бирок ошентсе деле сүйүнүп аттым.
Сыйлоо аземи дагы жогорку деңгээлде болуп өттү. Бул ийгилик кийинкиме чоң стимул болду. Мындан ары дагы ушул наамга татыктуу жүрүүгө аракетимди кылам»,-дейт Айкүмүш.
Аяна Ырысбек кызы аталган мектептин 11-классынын окуучусу. Ал бул сынакта III даражадагы диплом менен сыйланган.
«Сыйлык алып жатканда башкача сезимдер болду. Алдыга дагы максат койдум, дагы да ийгилик жаратамын. Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу болсом эми дагы буюрса 100 мыкты студентти боломун деген ниеттемин. Мага колдоо көрсөткөн ата- энеме ыраазычылыгымды билдирем»,-деди Аяна.
Мындай сынактардын көп болушу окуучуларга шыктанууларды, умтулууларды жаратат. Окуучу сынактарга катышуу менен мектептен алган билимдерин жашоо турмушунда пайдаланса, анда сөзсүз чоң ийгиликтин ачкычын табат.
Акылай Алмазбекова