Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө сүрөтчү, комузчу, ырчы, спортсмен, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасынын ээси, көп кырдуу талант Кайыпбек Султангазиевдин жаркын элесине арналган иш-чара болду.
Сынак эки баскычта өттү
Балдардын эмгегине профессионал сүрөтчүлөр калыстык кылышты
«Манас» эпосундагы баатырлардын сүрөтүн тартышты
Иш-чаранын алкагында окуучулар арасында сүрөт тартуу сынагы өткөрүлүп, ага 10 жаштан 18 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөр эки баскычта катышты. Сынак үчүн “Манас” эпосундагы баатырлардын элесин чагылдыруу тапшырмасы берилип, аны окуучулар эки саат убакытта тартып бүтүрүштү. Сынакта сүрөт тартуу техникасы чектелген жок.
Жергиликтүү профессионал сүрөтчүлөр жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия сүрөт тартуу өзгөчөлүгү, образдуулугу, көркөмдүүлүгү, идеялык жана темага байланышына карап, жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Мындан сырткары, бир нече окуучуларга жигердүү катышкандыгы үчүн грамоталар тапшырылды.
Бул сынакка райондук балдар билим борборунун жаш техник ийриминин жетекчиси Максат Малаев демөөрчүлүк кылды.
Мээрим Тентиева