Кызыл- Туу айылындагы «Нарк» студиясынын жетекчиси Самира Шамырова. Аталган борбордо мектеп окуучулары келип, кошумча ар түрдүү ийримдерге катышып кетишет. Эң кызыгы, бул борборго 60 жаштагы айыл тургуну комуз уйрөнүү үчүн кайрылган.
Самира Шамырова «Нарк» борборунун жетекчиси
«Нарк» студиясы 2018-жылы Кун-Туу айылында ачылган. Кызыл-Туу айылынын жашоочуларынын суранычы боюнча Кызыл-Тууга филиал катары ачылды. Ачылганына 3 ай болду.
Мектепке даярдоо группасы
Студияда эстетикалык жактан хореография, вокал,комуз ,чопо чоор бар. Спорт жактан таэквондо, кыргыз күрөш. Жана тез окуу, мектепке даярдоо. Тил ийримдери бар.
Хореография
Ачылганына аз болгондуктан окуучулардын так саны аныктала элек. «Нарк» студиясында 7 мугалим эмгектенет. Жашы улгайгандардан 60 жаштагы бир тургун комуз ийримине келип кеткен. Көбүнчө балдарга ылайыкташтырылган ийримдер болгондуктан жашы улуулар менен иш алып бара элекбиз.
Ийримдердин баасы шаарга салыштырмалуу көп эседе төмөн. Мисалы, шаарда мектепке даярдоо курсу баасы 4500 сом болсо, бул жакта 1500 сом. Айылдын жашоочулары көбүнчө талаа иштери, мал чарбачылык, сүт сатуу менен пенсия алгандар жок эмес. Ата-энелер кыйналып калбаш үчүн баасы төмөн коюлган.
Атасы же энеси жок балдарды бекер окутабыз. Ал эми көп балалуу үй-бүлөлөргө 50% арзандатуу кылынат.
«Нарк» окуу борбору
Жыйынтыктар жөнүндө айтсам ар бир бала өзүнүн жөндөмүнө жараша кабыл алат. Кээ бирлери бат, кээ бирлери көп убакыттан кийин кабыл алышы мүмкүн. Кыргыздар балдарын тыйып келишет. Ачыла албай көп убакыттан кийин ачылат.
Ата- энелерге кайрылуум, эң чоң көйгөйлөрдүн бири булар азгырыктар, интернет оюндары. Балдар эмес ата -энелер берилип кетип жатышат. Өздөрүнүн тынчын ойлоп балдарга телефон берип коюшат.
Урматтуу ата-энелер өзүңөрдүн тынччылыгын ойлоп, балдардын келечегине терс таасир берип жатасыздар. Жаш өспүрүмдөр психологу менен иштешип жатабыз. Баарына телефондон алыс тургула деп жатабыз. Мурда сыналгыдан алыс тургула деп айтышчу. Азыр телефонду маңдайына кармап алышып, терс жагын сиңип алышат».
Камила Коңурбаева