Ак-Талаа районунда педагогикалык кызыматкерлер арасында “Жыл мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагы өтүп, ага биринчи баскычта жеңүүчү болгон мугалимдер жана тарбиячылар катышууда.
Мугалимдер сабак өтүү учурунда
Сынактын негизги максаты райондун аймагында чыгармачылык, изденүүчүлүк менен эмгектенип жаткан мугалим жана тарбиячыларды аныктоо, аларга дем-шык берүү, колдоо көрсөтүү менен бирге педагогикалык кесиптин баалуулугун арттыруу, коомдо ордун көтөрүү менен бирге алардын кесиптик чеберчилигин арттыруу үчүн шарт түзүү болуп саналат. Ошондой эле заманбап технологиялык идеяларды, мыкты иш-тажрыйбаларды жайылтуу, окуу процессинде колдоно билүү чеберчилиги дагы негизги максаттардын бири.
Сынактын катышуучулары Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жана Э.Карасартов атындагы орто мектебинин окуучуларына технологияларды, онлай тиркемелерди, кыймылдуу көрсөтмө куралдардын жардамы менен сабактарды өтүштү.
Мугалимдер ачык сабактарды өтүүдө
Сынактын калыстары
Ал эми сынактын комиссия мүчөлөрү катышуучулардын ачык сабактарына катышып, профессионалдык чеберчилигине карап баалоо жүргүзүштү.
Барчын Мамытбекова