Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Жапаров атындагы маданият үйүндө “Туура кесип тандоо келечектин кепилдиги” деген темада форум болуп өттү. Форумга Кочкор районуна караштуу бардык мектептин 9-11 класстардын окуучулары катышышты. Семинар саат 10:00дөн 14:00 гө чейин болду.
Нуржигит Кадырбеков форумдун башталышын өзүнун накыл сөздөрү менен ачып берди: «Жылмайып жүрүү адамдын өмүрун узартат. Азыркы учурда заман өзгөрүп жатат. “Бүгүнкү күндө кандай максат менен жашап жатам?” деген суроого ар бирибиз жооп беришибиз керек. Кесип тандоо үчүн алгач ойлонуу зарыл! Максатты өзгөртсөң, жашооң өзгөрөт. Ой сеники, жашоо сеники! Тартынбай сүйлө! Сырды дагы сыр бойдон калтырып, өзүң гана билгениң жакшы. Сыр качан ишке ашат, качан аны эч кимге айтпаганда».
Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинин студенти Умар Туратбек уулу төмөнкүлөргө токтоло кетти:
“Бул форум 30 жылда бир болуп жатат. Анткени “Кочкор прогресс” деген ат менен билим форуму деп алгачкы жолу чыкты. Буга чейин Нуржигит Кадырбековдун жана мыкты кесиптин ээлеринин катышуусунда азыркы учурдагы ЖРТ нын маанилүүлүгү боюнча бүтүрүүчүлөргө ушундай форум өтүлө элек болчу. Биз көпкө ойлонуп ушундай билим форумун өткөрөлү деп чечтик. Атайын райондун жаштарын чогултуп, жобо жазып, афишасын кетирип, агайлардын убактысын сактап, жаштардын келечеги үчүн кам көрүүнү туура көрдүк. Эгерде окуучу Бишкекке баргыча 5 же 10 китеп окуй турган болсо анда ал окуучунун келечеги бар. Анткени мен Кочкор районунун Шамшы айлынын Ай-Башы орто мектебин бүткөм. Мен окуучу кезимде «Сынган кылыч» чыгармасын андан тышкары 2,3 китеп окуп баргам. Ушул окуган китептердин пайдасын университетке барганда көргөм. Азыркы менин коомдук активист болуп калышымдын бирден-бир себеби ушул китептер. Бүгүнкү форумга 700 окуучу келишсе анын 300 окуучусу китептерди окушуп, өзүлөрүнүн кесибин аркалап беришет деген үмүттөмүн.”
Асема Сүйүндүкова, Кусейин Марат уулу, Айчүрөк Сапаркулова