2023-жылдын 17-апрель күнү Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде «Медиа сабаттуулук» аталышында шаардык семинар болуп өттү. Балыкчы шаарындагы мектептердин мугалимдеринин медиасабаттуулугун жогорулатууга багтытталган бул иш-чара Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин жылдык планынын негизинде жогоруда аты аталган мектептин мугалимдери тарабынан уюштурулду.
Семинарга усулдук кабинеттен жана шаардын он мектебинин директорлору, директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана мугалимдери катышышты.
Семинарда директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Р.Селеева медиа сабаттуулук боюнча кыскача маалымат берди.
Информатика мугалими Г.Калмашева «Социалдык медиа жана интернет» деген темада презентация жасап, катышуучуларды практика жүзүндө иштетсе, география мугалими Э.Каныбекова маалыматты издөөнүн жөнөкөй жана кызыктуу амалдары менен тааныштырып өттү.
Бул иш-чарага Ош билим берүү институтунун кабинет башчысы, «МедиаСабак» фондунун Түштүк региону боюнча координатору Т.Досмуратов билим берүү жараянындагы медиа сабаттуулук боюнча өз тажрыйбасын бөлүшүү үчүн чакырылган. Ал медиа сабаттуулук, анын билим берүүдөгү орду жана мектептин медиа бурчун уюштуруунун усулдары менен бөлүшүп, катышуучуларга абдан кызыктуу форматта түшүндүрүп берди.
Семинардын соңунда Т.Досмуратовго Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана мектептин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Зубаржад Жалилова