Ак-Талаа районунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү «КР Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, катчылары, кеңештин төрагалары, жайыт комитеттери ж.б уюмдардын катышуусунда окутуу өткөрдү.
Мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилди
Окутуунун жүрүшүндө кабыл алынган указ, токтомдор боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.
Анда аймактар реформа болгондон кийин айылдык кеңештин төрагалары, айыл өкмөт башчылары кандай жол менен дайындалат, айылдык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары, катчынын функциясына кошумча кандай милдеттер тагылды, муниципалдык менчиктеги мүлктөр кандай жол менен өткөрүлүп берилери ж.б өзгөрүүлөр тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.
Катышуучулар тиешелүү адистерге суроо берүүдө
Катышуучулардын суроолоруна тиешелүү адистер жооп беришти.
Эскерте кетсек, өлкө башчысынын КР Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» жарлыгына ылайык Ак-Талаа районундагы он үч айыл өкмөтү ирилештирилип, 4 айыл өкмөткө биригет.
Барчын Мамытбекова