20-апрелде Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 5-9-11-классынын окуучулары «Көп тилдүү билим берүү» программасынын алкагында тил билүү деңгээлин аныктоо максатында орус тили боюнча тестирлөөдөн өтүштү.
Диагностикалык тестирлөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адистери тарабынан өткөрүлдү. Тестирлөө мурунку жылдардан айырмаланып электрондук форматта жүргүзүлдү. Тактап айтсак, тапшырмалар гугл формага киргизилип, окуучу тесттин жыйынтыгын дароо эле көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эске сала кетсек, аталган мектеп 2015-2016-окуу жылынан бери «Көп тилдүү билим берүү» программасы менен иштеп келет. Программанын артыкчылыгы окуучу эне тили менен катары, орус тилинде да эркин сүйлөөгө жетишет.
«Көп тилдүү билим берүү» программасы боюнча консультант Балтабаева Чынара Исаевна бул программа буга чейин пилоттук катары кирсе, мындан ары Улуттук программа болгонун айтты. «2030-жылга чейин Республиканын бардык мектептери көп тилдүү программасына киришет. Бул убакка чейин кыргыз жана орус тилдери максаттуу тил катары кирсе, мындан ары англис тили да киргизилет. Бүгүнкү тестирлөө тууралуу айтсак тапшырма 3 субтесттен турат жана «Жазуу», «Окуп түшүнүү», «Угуу» жана «Сүйлөө» бөлүмдөрүн камтыйт. Ал эми бул мектеп тууралуу айтсак -окуучулардын тил билүү деңгээли жакшы. Тестирлөөгө активдүү катышышты. Жыйынтыгы жакшы болот деп ишенем»,- дейт Чынара Исаевна.
Мектеп директору Болот Бообек уулу бул программа тууралуу буларга токтолду: «Көп тилдүү билим берүү» программасы боюнча көп жылдан бери иштеп келебиз. Бул жылдар аралыгында көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Атап айтсак бул программанын алкагында конкурстарга катышып, мугалимдер байгелүү орундарга ээ болуп келишти. 2016-мектепте «Көп тилдүү билим берүү» боюнча ресурстук борбор ачылган. Бул жаатта бир топ ийгиликтерди жарата алдык. Окуучулардын кызыгуусу абдан жакшы, жыл өткөн сайын тил билүү деңгээлдери жогорулап бара жатат».
Бакыт Кожокматов