12-декабрь – “Улуттук адабият күнүнө” карата С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим мектебинде “Кыргыз адабиятынын алптары” аттуу адабий кече уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында окуучулар жана мугалимдер кыргыз адабиятынын залкарлары Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, жана башка улуу калемгерлердин чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөрдү коюшуп, ырларды көркөм айтышып,алардын улуу мурасын даңазалашты. Бул адабий кече окуучулардын улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өстүрүүдө чоң салым кошту. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышуучуларды шыктандырып, адабиятка болгон сүйүүсүн күчөтө алды.
Алихан Муратов