14-декабрь күнү Токтогул районундагы Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде райондук мектеп директорлорунун семинар-экскурсиясы өттү. Иш-чарага Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева жана райондогу 20 мектептин директорлору катышты. Семинардын негизги темасы – “Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо” болду.
Турусбек мектебинин жамааты 66 мугалимден турат, алардын ичинен 12си – агайлар. Мугалимдердин үзүрлүү эмгегинин натыйжасында 8 мугалим “Эл агартуунун отличниги” наамына ээ болгон. Мектепте жалпысынан 1002 окуучу билим алат: 491 кыз, 511 эркек бала.
Семинар кыргыз тили мугалимдеринин даярдаган “Улуттук салт көргөзмөсү” менен ачылды. Анда улуу кыргыз көчүнүн көрүнүштөрү чагылдырылып, ак калпактын баалуулугу жана аны жаш куракка жараша кийүү эрежелери көрсөтүлүп, конокторго тааныштырылды.
Семинарга катышуучулар мектептеги ар түрдүү ийримдер менен таанышып, алардын ишмердүүлүгүн көрүштү. Ийримдердин арасында математика, менталдык арифметика, шар окуу, музыка, англис жана орус тилдери, спорт, волейбол, сүрөт тартуу боюнча сабактар камтылган. Ошондой эле, “Энелер мектеби”, формативдик баалоо ыкмалары, Quizizz куралы менен иштөө, активдүү угуу жана маселе чечүү практикасы боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.
Мындан тышкары, “Ак-Бакай” мультимедиа борборунун ишмердүүлүгү жана жыл жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Окуучуларды журналистикага кызыктыруу максатында иштеген борбордун тажрыйбасы коноктор тарабынан жогору бааланды.
Семинардын жүрүшүндө мектеп директорлоруна Турусбек мектебинин материалдык-техникалык базасы тааныштырылды. Анын ичинде заманбап интерактивдүү панелдер, компьютердик класстар, китепкана, спорт зал, ашкана жана методикалык кабинеттер көрсөтүлдү. Душ бөлмөлөрүнүн жана башка шарттардын жеткиликтүүлүгү да көңүл жылытарлык экендиги белгиленди.
Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева:
“Турусбек мектебинин жамаатынын эмгеги чоң. Он миллион сомго жакын каражат тартылып, төрт жылдын ичинде мектептин техникалык базасы чыңдалыптыр. Жетекчи Дөөлөтбек Кожомуратовдун ишмердүүлүгү жана жамааттын ынтымагы мектептин ийгиликтерин шарттап жатат. Бул семинардан мектеп директорлору өздөрү үчүн көптөгөн пайдалуу тажрыйба алышты деп ишенем», — деди.
“Бул семинар биз үчүн абдан пайдалуу болду. Турусбек мектебинин жетишкендиктеринен көп нерсе үйрөндүк. Заманбап интерактивдүү панелдерди колдонуунун ыкмалары, Алабамадан келген волонтер менен англис тили сабактарынын жүрүшү өзгөчө кызыктуу болду. «Ак-Бакай» медиа борборунун иши да жогору бааланды», — деген пикири менен бөлүштү Бекназар мектебинин директору Апсатар Үтүров.
Семинардын жыйынтыгында Турусбек мектебинин директору Дөөлөтбек Кожомуратовду “Эл агартуунун отличниги” наамына көрсөтүү сунушталды. Ошондой эле, ар бир мугалимдин эмгеги бааланып, ардак грамоталар тапшырылары белгиленди.
Бул иш-чара билим берүүдөгү мыкты тажрыйбаларды жайылтуунун жана мектептердин өнүгүшүнө өбөлгө түзүүнүн мыкты үлгүсү болду.
Азема Сабырбекова, Арууке Эсенбекова