Балыкчы шаарындагы К.Жакыпов атындагы №8 жалпы орто билим берүү мектебинде 1-декабрь – «Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата “АИВ: Билим – сенин коопсуздугуң, дарылануу – сенин ден соолугуң” урааны менен жарыяланган бир айлыктын алкагында спорттук иш-чара уюштурулду.
Бул иш-чаранын максаты – окуучуларга сергек жашоонун маанисин түшүндүрүү, аларды спортко тартуу жана ден соолукту сактоо боюнча маалымдуулукту жогорулатуу болду. “Сергек жашоо” аталышындагы иш-чара спорттун волейбол түрү боюнча өткөрүлүп, ага 9–11-класстын окуучулары активдүү катышты.
Мелдеш кызыктуу жана атаандаштыкка толо өтүп, ар бир команда жеңишке жетүү үчүн бардык күчүн жумшады. Жыйынтыгында:
🏆 1-орун – 11-класс
🥈 2-орун – 9а-класс
🥉 3-орун – 10-класс
Ар бир жеңүүчү команда грамоталар менен сыйланып, катышуучулар спортту сүйүүгө жана сергек жашоо мүнөзүн карманууга шыктандырылды.
Бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүүсүнө дене тарбия мугалими Станбаева Гүлшат Кусейиновнанын чоң салымы болду. Ал мелдешти уюштуруу менен гана чектелбестен, окуучулардын ынтымагын жана биримдигин чыңдоого багытталган иш-чараларды өткөрүүнү максат кылган.
Эркайым Саалиева