11-декабрь күнү Балыкчы шаарында «ОРДО» муниципалдык жаштар борборунун “Жарандык жана санариптик билим берүү борборунда” Тимур Турдубаев Мон мырзанын катышуусунда веб-иштеп чыгуунун негиздерине арналган мастер-класс өттү. Иш-чараны «Yurtah» жана «Jyldyz Academy» старт-аптарынын негиздөөчүсү өткөрдү.
Мастер-класстын максаты – жаштарга веб-дизайн жана программалоо жаатында практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү жана аларды IT-технологиялардын келечеги менен тааныштыруу.
12 жаштан 25 жашка чейинки шаар жаштары веб-сайт түзүүнүн негизги принциптерин үйрөнүп, баалуу тажрыйба алышты.
Анда веб-дизайн жана программалоонун негиздери боюнча практикалык көрсөтмөлөр, кыймылсыз мүлк, бизнес жана IT жаатындагы ийгиликке жетүү сырлары тууралуу маалымат берилип, Америкадагы жашоо жана иштөө боюнча Тимур мырза жеке тажрыйбасы менен бөлүштү.
Тимур Турдубаев Мон мырзанын жеке окуясы жана кеңештери катышуучулар үчүн пайдалуу болду.
Жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абилбийхан Каныбекович иш-чаранын маанисин белгилеп:
“Бул мастер-класс биздин жаштар үчүн чоң жетишкендик болду. Катышуучулар IT жана бизнес жаатында өнүгүү үчүн зор мотивация алышты,” — деп билдирди.
Алихан Муратов