Санарип шылуундар күн сайын жаңы ыкмаларды колдонуп, интернет колдонуучуларына зыян келтирүүдө. Алардан сактануу үчүн, эксперттер этияттык менен мамиле кылып, шектүү чалуулардан жана билдирүүлөрдөн алыс болууну сунушташат. Санарип коопсуздукту камсыздоо аркылуу ар бир адам интернетте коопсуз жана ишенимдүү болушу мүмкүн.
Иллюстративдик сүрөт
Тартип сактоо кызматкерлеринин шылуундар менен күрөшүү тажрыйбалары
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИББ) кибер коопсуздук бөлүмүнүн милициянын капитаны Эрлан Сагынбаев жана милициянын майору Азамат Куамбаев санарип шылуундардын заманбап ыкмалары жана алардан коргонуу жолдору тууралуу маанилүү маалыматтарды бөлүштү. Алар өз сөздөрүндө шылуундардын негизги стратегияларын жана интернет колдонуучуларынын кандай катачылыктарды жасай тургандыгын талдап беришти.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИББ) кибер коопсуздук бөлүмүнүн милициянын капитаны Эрлан Сагынбаев
Эрлан Сагынбаев: «Күмөн санап үйрөнүңүз»
Милициянын капитаны Эрлан Сагынбаев белгилегендей, санарип шылуундар адамдын эмоциясына басым жасоону мыкты өздөштүрүшкөн. Алар чукул жана шашылыш жардам сурап, адамдарды ойлонбой чечим кабыл алууга түртүшөт. Ал мындай учурларды мисал келтирип айтты:
«Тууганыңыздын атынан чалуу»:
Шылуундар тууган же жакын адамдын атын колдонуп чалып, «аябай шашылыш жардам керек» деп, банк картасынын номерин же башка жеке маалыматтарды сурашат.
«Алардын негизги максаты — сизди эмоцияга алдырып, шашылыш түрдө маалымат берүүгө мажбурлоо. Ошондуктан ар бир чалуу же билдирүү боюнча күмөн саноо зарыл».
«Картанын арткы бетиндеги CVV кодду сурап алуу»:
Эрлан Сагынбаев шылуундар өзүн банктын кызматкеримин деп тааныштырып, картаңыздын артындагы коопсуздук кодду сурап жаткан учурларды мисал келтирди:
«Бул кодду бергенден кийин шылуундар сиздин эсебиңиздеги каражатты уурдоого толук мүмкүнчүлүк алышат. Эч качан мындай маалыматты бөлүшпөңүз».
«Социалдык тармактар аркылуу алдоо»:
WhatsApp же башка социалдык платформалар аркылуу «демонстрация режимин кошуңуз» деген шылтоо менен түзмөгүңүзгө кирүүгө аракет жасашат. Бул учурда алар сиздин банктык тиркемелерге же жеке маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Милициянын майору Азамат Куамбаев
Азамат Куамбаев: «Жоопкерчилик ар бир колдонуучунун мойнунда»
Милициянын майору Азамат Куамбаев интернет шылуундугунун эң кеңири тараган түрлөрү жана алардан кантип коргонуу керектиги тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, санарип шылуундар жаңы технологияларды колдонуп, улам өнүккөн ыкмаларды пайдаланышууда.
«Онлайн насыялар» жана «банк кызматкеринин чалуулары»:
«Шылуундар банктын кызматкеримин деп чалып, сиздин картаңыздын жарактуулугун текшерүү үчүн маалымат сурашат. Кээде алар сизге чоң суммадагы «белгисиз» акча которулганын айтып, ал сумманы банкка кайтаруу үчүн картаңыздын маалыматын берүүнү талап кылышат. Бул — алар колдонгон эң кеңири ыкмалардын бири».
«Чет өлкөдөн чалуулар жана симбокс колдонуу»:
Шылуундар чет өлкөдөн телефон чалып, Кыргызстандын аймагындагы банктын кызматкеримин деп, картаңыздын маалыматын сурашат.
«Мындай учурда сиз чалууну кабыл албай, банкка түз кайрылсаңыз, шылуундарга мүмкүнчүлүк бербейсиз».
«Электрондук эсептерди бузуу»:
Азамат Куамбаев белгилегендей, шылуундар адамдардын электрондук почта же социалдык медиадагы эсептерин бузуу менен дагы көп алдамчылыктарды жасашат. Алар андан соң бул эсептер аркылуу досторуңуздан акча сурайт же сиздин жеке маалыматтарды уурдашат.
Коопсуздук чаралары:
Азамат Куамбаев жана Эрлан Сагынбаев санарип шылуундардан сактануу үчүн төмөнкүдөй практикалык кеңештерди беришти:
Иллюстративдик сүрөт
Банк картанын маалыматтарын коргоңуз:
Артындагы CVV кодду эч качан бөлүшпөңүз.
Түпнуска банкка гана ишенип, шектүү чалууларды кабыл албаңыз.
Чалууларга жана билдирүүлөргө этият болуңуз:
Чоочун номерлерден келген билдирүүлөргө жана чалууларга этият мамиле кылуу керек.
Шектүү шилтемелерди ачпоо зарыл.
Электрондук жабдууларды коргоңуз:
Антивирус программаларын колдонуп, түзмөктөрүңүздү коргоңуз.
Юридикалык жардамга кайрылуу: Алдамчылыкка кабылган учурда, дароо БШИИББнын КИБге кайрылып, бардык зарыл маалыматты берүү керек.
Эрлан Сагынбаев жана Азамат Куамбаев интернет шылуундарынын коркунучун алдын алуу үчүн ар бир адам жоопкерчиликтүү болушу керектигин баса белгилешти. Алардын айтымында, санариптик коопсуздук тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана шектүү учурларда этият болуу санариптик чөйрөдө коопсуздукту камсыз кылуунун негизги жолдору болуп эсептелет.
Санарип коопсуздукту камсыздоо аркылуу шылуундардын торуна түшпөй, интернет чөйрөсүн ишенимдүү колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
***************************************************************************************************************************
Айгерим Кубатбекова, Айпери Марлесова
Редактору: Назира Жусупова