Нагира Сарбашева Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева мектебинде дене тарбия мугалими, жергиликтүү кеңештин депутаты, дзюдо боюнча машыктыруучусу. Бир баланын энеси.
Мелдеш учурунда
Бел боо күрөшү
«Спортко байкем аркылуу келгем. 10- класстан баштап машыгып келе жатам. Быйыл 21 жыл болду, күрөшүп жүргөнүмө. Башында дзюдо күрөш менен күрөшүп. Азыр 7- 8 жыл болуп калды. Алыш бел боо күрөшү менен күрөшөм.
Спорт ден- соолукка пайдалуу. Канча деген эл, жер көрөсүң. Эл менен сүйлөшкөндү, өзүңдү алып жүргөндү билесиң. Спорттун тарбиялары жагат. Кыйынчылыктан чыгыш үчүн машыгуу, калтырбоо, өжөрлүк керек.
Мелдеште атаандаштарым менен күрөшүп бүткөндөн кийин дос катары эле калып калабыз, эч кандай жек көрүү жок.
Кыргызстандын желегин желбиретиш үчүн алдыга чоң максат коюп, утам деген ой менен барасың. Чемпион болууга аракет жасайсың. Жеңишке жеткенде айтып бүтө алгыс сезим болот. Кыргызстандын желегин желбиреткенде бир өзүнчө эле башкача сезим, аны көп спортсмендер айта албайт. Жан дүйнөң жыргайт, кадимкидей кубаныч, сүйүнүч аябай көп болот.
2013-жылы Бүткүл дүйнөлүк Универсиада Казан шаарына дзюдо күрөшү менен барып, утулуп калып. Ошондо биринчи жолу бел боо күрөштөр менен күрөшүп баштадым. Агайлар алып барып, аяктан финалга чыгып, 2 орунду алгам. Эрежелерди билчү эмесмин. Бирок ошондо келгенимде спорттун даамын 2013- жылы таткам.
Алты түрдүү спорт менен күрөшүп, алтоонон мастер толтургам. Төртөөнү эл аралыкта толтурдум, бирөөнү татыктуу спортсмен болгом.
Азыр дзюдо күрөшүнөн машыктыруучу болуп иштейм. Буюрса балдарыма көп көңүл буруп, аларды алдыга чыгарганга аракет жасап жатам. Ар бир машыктыруучума ыраазычылык билдирем. Себеби, ар бир машыктыруучунун эмгеги өтө зор, ар бир баласына ушундан чыкса экен деп. Өзү менен кошо күрөшкөн. Анткени өзүм машыктыруучумун».
Нагира Сарбашева
Маектешкен: Айша Бейшеналиева