Үй-бүлөнү пландаштыруу абдан жоопкерчилик менен карай турган маселе. Аны пландабай жашоо турмушун же өздүк билим алуусун чектеп койгондор да жок эмес. Ошондой эле бул чечимди көп учурда түгөйлөр эмес жакындарынын басымы астында чечилип калат.
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Асель 34 жашта (аты өзгөртүлдү). Ал учурда алтынчы баласын төрөгөн. Ал турмушка чыккандан тартып, жогорку окуу жайдан чыгып кеткен. Балдары удаа төрөлүп, билим алууга мүмкүнчүлүгү болбой калган. Ал эми балдарынын удаа төрөлүшүнө үй бүлө мүчөлөрү себеп болгон.
“Мен экинчи курста турмушка чыккам. Борбордогу окуу жайлардын биринде окучумун. Үй-бүлө кургандан тартып окуу жайды таштап салгам. Азыр аябай өкүнөм. Билимдүү болсом бир жерде иштеп жүрмөкмүнда деп ойлонуп калам. Учурда алтынчы баламды төрөдүм. Кайын журтум удаа төрөп ал, бирдей чоңоет деп айтышчу мага. Балдарым удаалаш болгондуктан кошумча үйдөн деле окуй алган жокмун. Онлайн окууларды көрүп кызыгам, бирок ага дагы атайын убакыт бөлбөсө, окуганга мүмкүн эмес экен. Балдарымдын улуусу эле үчүнчү класс, калгандары кичүүлөр. Аларды карап турбаса да болбойт”,-дейт Асель.
Аялдар кеңешинин төрайымы Төлөбүбү Бополоңова баланын төрөлүшү үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмес, түгөйлөрдүн каалоосу болушу керек деп эсептейт:
“Үй-бүлөнү пландаштыруу өтө маанилүү. Анткени пландаштырууда кош бойлуулукка алдын ала даярдык көрүлөт. Бала күтүлгөн жана каалаган кош бойлуулуктан жаралышы керек. Балдардын аралыгы үч жылдан кем болбошу жана балалуу болууну жуптар сүйлөшүп, макулдашып чечүү керек. Мындай убакта кайын энеси удаа төрөп ал же тескерисинче төрөбөй кое тур, кыздарыңар бар эми уул төрө, же балдарыңар бар кыз төрө дешет бул туура эмес. Үй бүлөнү пландаштырууда түгөйлөр ден соолуктары, материалдак абалдары кандай, бала тарбиялоого, билим алууга жетише алабы деген нерселердин баарын ойлонуп чечим чыгаруусу керек. Көпчүлүк учурда турмушка чыккан кыздар билим алуусун токтотуп коюшат. Мындай кадам анын келечегин талкалайт. Адамдар билим алып, иштеп, өзүлөрүнүн жеке муктаждыктарын чече алгандай болушу керек деп эсептейм”.
Биздин коомдо жаш үй-бүлөлөргө карата аларды удаа балалуу балалуу болууга, кызды же уулду жалгыз кылбай жанына төрөп ал деген сыяктуу пикирлер көп айтылып, түгөйлөрдүн жеке каалоолоруна чектөө жасалат. Мында үй-бүлөдө мүмкүнчүлүктөрдү эске албай, коомчулукта калыптанып калган ой-пикирлердин астында чечим кабыл алууга жол ачат. Ошол эле учурда элетте үй-бүлөнү жана жумушту туура пландаштырып, жашаган үй-бүлөлөр да жок эмес.
Нургүл Сыдыгалиева окуусун аяктаган соң турмушка чыккан. Учурда анын беш баласы бар. Ал 14 жылдан бери Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде чет тили сабагынын мугалими болуп эмгектенет.
“Мен окуумду аяктаган соң турмушка чыктым. Мектепте 2008-жылдан бери иштейм. Жумуш учурунда декреттик өргүүгө чыкканда мамлекет тарабынан атайын акча бөлүнүп төлөнөт. Убактым келип, балам чоңоюп калганда кайра жумуш ордума чыгып ишимди улантып кетип жаттым. Азыр кичүү балама он ай болуп калды. Аны атам, апам же жолдошум багып калат. Азыр кыздарым да чоңоюп бардык жумуштарды бирге жасап калдык», -деди ал.
Үй-бүлөнү туура пландаштыруу адамзатынын маанилүү кадамдарынын бири. Эгерде жуптар туура чечим чыгара билишсе, анда алар билим алууга, балалуу болууга, иштегенге жана ден соолуктарына туура кам көрүүгө жетишишет.
Акылай Алмазбекова