Социалдык тармактар аркылуу алдын-ала каттоолор жүрүп, ага жалпы 250 кыз-келин, жаштар, ишкерлер катышты жана өздөрүнүн билимин жогорулатып, электрондук коммерциянын артыкчылыгын, катталуу ыкмасын, өзүнүн прдукциясын алдыга жылдырууну үйрөнүп, тренингдин аягында сертификаттар менен сыйланышты.
Тренингдердин алкагында аймактардагы катышуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болушту: Товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видео жана тексттин жардамы менен бүгүнкү күндөгү базар талабына ылайык презентациялоо; тексттик сыпаттамасын түзүү; жарнама, пост, макала, техникалык мүнөздөмөлөр үчүн тексттерди жазуу жана копирайтинг сырларын ачышат. Ошондой эле, мобилография боюнча практика жүзүндө видео аркылуу жарыялоону; видеого тартууну, монтаждоо сырларын жана ага тиешелүү тиркемелер аркылуу электрондук
аянтчаларга жайгаштырууну өздөштүрүштү.
“Санарип Инсан” долбоору — жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат.
Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhoo Council жана Интернет коомдун Кыргыз болүмү ишке ашырууда. Тренингдер Борбордук Шайлоо Комиссиясы менен биргеликте
;Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда өттү. Ошондой эле, окутууларга региондордо жаштар борборлору жана китепканалар
дагы көмөк көрсөттү.