Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында «Айылдык ден соолук чындоо» комитетинин активисттери COVID- 19га каршы эмдөөнү эмне себептен алуу керек экендиги тууралуу түшүшдүрүү иштерин жүргүзүштү.
Сегиз миңге жакын калкы бар Суусамыр айылында беш айыл бар, АДК комитенини активисттери алардын ар бирине барып өз ден соолугуна кайдыгер карабоого чакырышты. Жайыл районунун айыл аймактык мобилизатору Нурзат Райымбекова эмдөөдөн эмне себептен өтүү керек, жана анын пайдасы туураплуу айыл тургундарына терең окутуу жүргүздү. Сабакка келген тургундар көп болуп, өздөрүнө керектүү маалыматтарды ала алышты, андан тышкары кошумча суроолоруна дагы жооп беришти.
( АДК комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова )
АДК комитетинин активисттери
Андан тышкары ар бир каалоочу, медицина жаатында кандайдыр бир суроолору болсо АДК комитетинин кызматкерлерине кайрылып өзүнө керектүү маалыматты алса болот. Жыйынтыгында Суусамыр айылынын тургундары өз кезегинде ыраазычылыктарын билдиришти. Эске салсак, АДК активисттери айлык албай, элдин ден соолугуна кам көрүү иштерин жүргүзүшөт.
Айтурган Кушкарбекова