Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейде бүгүн 3-март Мамлекеттик Туу жана 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш- чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын Мамлекеттик Туусу жөнүндө кенен маалымат берилип кыргызды даңазалаган ыр саптар окулуп, атайын даярдалган кыскача видео слайд көрсөтүлдү.
Кыргызстанда Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап официалдуу эмес түрдө белгиленип, кийин 2016- жылы официалдуу статус алып, жыл сайын кыргыздын Ак калпагы – тоолордун жана тазалыктын символу болуп улуттук баш кийими катары салтанаттуу түрдө белгиленип келет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу Кыргызстанда 1992-жылдын 3-мартынан баштап белгиленип, быйыл 31 жылдыгы белгиленүүдө.
Иш- чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин жандуу үн менен ырдалды, андан соң окуу жайдын имаратынын алдында окуучулар менен жөө жүрүш болду.
Илгертен кыргыз эли урпактары үчүн канчалаган ысык-муздак күндөрдү баштан кечиришкен. Кыргыз Мамлекетибиздин символдорун көздүн карегиндей сактообуз абзел.
Төлөн Токтосунова