Сокулук районундагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар арасында англис тилинин бир айлыгына карата «I LOVE ENGLISH» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага 3-4-класстын окуучулары катышышты.
«Сокулук районунун Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында англис тили сабагынан мугалим болуп эмгектенгениме 40 жылдан ашты. Бүгүн англис тилинин бир айлык иш планы боюнча иш-чарасын өткөрдүк. 3-4-класстын окуучулары арасында көркөм окуу, жомок, бий, презентация англис тилинде аткарылды. Окуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Максатыбызга жеттик деп ойлойм»,- деди.
«Бүгүн биз англис тилинде сүйлөгөн 5 мамлекет жөнүндө окуучуларга маалымат бердик. Ал маалыматтарды 4-класстын окуучулары өз колдору менен плакат даярдашып жана презентация кылышты. Англис тилинде ырларды окушту. Алып баруучулардын англис тилинде даярдалган викторинасынын суроолоруна англис тилинде жооп берүүгө аракеттеништи. Окуучулардын тил үйрөнүүдөгү кызыгуулары бар»,-деп айтты.
«Англис тили-эл аралык баарлашуунун тили» катары окуучуларды англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүү.
Айпери Кыдыртоктоева, Мүрөк Ильязова