Токтогул шаарындагы, билим берүү бөлүмүндө Нургазиев мектебинин англис тили мугалимдери тарабынан уюштурулган тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү. Иш-чарага райондук методисттер, секция жетекчиси Ратбү Сатарова, аймактагы мектептердин мугалимдери жана мектептерде иштеген чет элдик волонтерлор катышып, заманбап билим берүү тенденцияларын талкуулашты.

Семинардын программасы актуалдуулугу жана жаңычылдыгы менен айырмаланып, төмөнкүдөй маанилүү темаларды камтыды: Санариптик билим берүү боюнча Стэнтон Спенсер жасалма интеллектти класс бөлмөсүнө киргизүү жана аны сабакта натыйжалуу колдонуу жолдорун көрсөттү.
Педагогикалык ыкмалар боюнча Кристофер Тэлбот тексттерди сабакка интеграциялоо жана алардын айланасында туура сабак куруу методикасы менен бөлүштү. Интерактивдүү окутуу боюнча Рейд Аллисон класс ичиндеги оюндар аркылуу окуучулардын кызыгуусун арттыруу жана сабактын планын оюндардын негизинде түзүү ыкмаларын түшүндүрдү.

Практикалык стратегияларды жергиликтүү тажрыйбалуу мугалимдер А. Сулайманова, Б. Мамбетова жана А. Ралымбек кызы окуучулардын сөз байлыгын өстүрүүнүн эң натыйжалуу жана текшерилген стратегияларын ортого салышты.

Бул семинар Токтогул районундагы англис тили мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана сабактарды эл аралык стандарттарга ылайык кызыктуу өтүүгө чоң түрткү болду.

Даярдаган: Азема Сабырбекова