Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну Максат Кубанчбеков Корчубек Акназаров орто мектебине келип балдарга тарбиялык мааниде 9-11-класстардын окуучуларына сабак өттү. Коомдук ишмер балдардын кийинки жашоосунда мамлекетке пайдасын тийгизген жаштардан болуп өсүүсүн самайт.
Максат Кубанычбеков: «Бул Нуржигит Кадырбеков агайыбыздын «Ыйман нуру» партиясынын каржылоосу менен болгон иш чара. Темирлан Акматов «Жаштар сүйлөсүн» көрсөтүүсү менен келип, кетип жүргөн. Ошодон улам ылайыгы келип калгандыгынан окуучуларга окуу өтүп кеттим. Мындан кийин да мындай иштерди жасаганга аракет кылабыз. Бул саамалыгында окуучуларга бут кийим тапшырдык. Сабак өткөндүгүбүз тууралуу айта кетсем мугалимдерди, ата-энени сыйлоо боюнча сабак өттүк. Биздин иш мектептер менен тыгыз байланышта болуу.
Ушундай мүмкүнчүлүктөр болсо «Акыл ордо», «Бирге окуйбуз» долбоорлорун ишке ашыралы деп жатабыз. Андан тышкары жетим жесирлерге, колунда жокторго, жарым жетимдерге, аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө да жардам берүү. Балдарын окуу жайга өткөрүүгө жардам берүү жана башка да көп иш чаралар бар. Ушунун алкагында жаңы иш баштап атабыз. Мектептер менен тыгыз мамиледе болуу үчүн эжей — агайларыбыз макул болуу зарыл. Учурда четинен чакырып өтүп бериниздер дегендердин саны көбөйүүдө».
Кусейин Марат уулу