Кыргызстандын лыжа жарышы жана тоо лыжасы боюнча курама командасы «Азия балдары» кышкы спорт оюндарынын алкагында «Олимпке карай жол» билим берүү программасына катышты.
“Олимпке жол” программасы Эл аралык “Азия балдары” спорт оюндарынын тарыхы менен таанышып, спортчулардын достук мамилесин чыңдоого багытталган.
Программанын жүрүшүндө жаш спортчулар допингге каршы машыгуудан өтүп, олимпиадалык кыймылдын тарыхы жана калыс оюндун принциптери менен таанышты. Ошондой эле психология боюнча мастер-класстар, оюндар уюштурулган.
Программанын алкагында жолугушуу учуру
Алишер Карыбеков оң тарапта
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары Нурбай Айтбеков, Данияр Эмилов жана Алишер Карыбеков аталган программага райондун атынан жолдомо алышкан. Алар Орусия мамлекетиндеги чемпионатка катышып келишет.
Кыргызстандын лыжа жарышы боюнча курама командасы
Программанын соңунда спортчулар бобслей боюнча Сочи жана Пхенчхандагы Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Надежна Сергеева менен жолугушту.
Эске сала кетсек, 2022-жылдын декабрь айында Алишер Карыбеков жана Данияр Эмилов Орусия мамлекетинин Белово шаарында лыжа жарышы боюнча 15 күн тажрыйба топтоо максатында барып келишкен. Окуучуларды лыжа жарышы боюнча Нарын районунун балдар-уландар спорт мектебинин машыктыруучу Муратбек Искенов даярдап келет.
Акылай Алмазбекова