Жайыттар мал чарбасы үчүн тоюттун булагы болуп саналат. Азыркы учурда малдын санынын өсүшү жана жайыттарды рационалдуу эмес башкаруу жайыттардын азайышына, өсүмдүктөрдүн деградациясына себепкер болду. Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыттарды сактоо үчүн Нарын областы пилоттук негизде жайыт акынын минималдык баасын бекитти.
Жайыттар Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин карамагына өткөрүлүп берилген. Чолпон айыл өкмөтүндө жайыт акыдан түшкөн акча жайыт структурасына жумшалат жана айыл өкмөткө салым берилет.
Жайыт комитетинин төрагасы Тунук Токтомушов: “2023-жылга чейин айылдык кеңештин сессиясында жайыт акысы малдын башына жана 49836 гектар жайыт жерге карата эсептелип чыкчу. Малдын башы көп болсо сумма түшүп калчу. Мисалы мурдагы жылы бодо малга жайыт акы 75 сом, былтыр 60 сом болду.
Быйыл губернатордун буйругунун негизинде Нарын областы боюнча бирдей тариф кылуу сунушу менен жайыт акысын бодого 100 сом, койго 20 сом кылып бекиттик. Кээ бир бөлөк айыл өкмөттөр бааны көтөрүп жаткандары бар. Ал эми биздики чоң айыл өкмөт болгондуктан бир калыпта кылалы деп минималдуу бааны койдук.
Соң — Көл жайлоодо туристтик база бар. Ал жерде турист тоскон ар бир боз үй 4000 сомдон аренда төлөйт. Жол жээкте жеңил курулушка деп ошондон аренда түшөт. Антенадан түшөт. Биз аны өзүбүз чогултуп кайра өзүнө жумшайбыз. Жазында ашууларды кар басып калат, жолдорду оңдош керек, кышында кар жааганда жолдун баары бузулат, ошолорду түздөп жайыттын структурасына көп кетет. Анан айыл өкмөткө салым беребиз. Мисалы Чолпондун үстү жагындагы сооруженияны куруп бердик, жасалма мал дарылоочу жайды жасадык. Мындан тышкары дагы башка айылдарга жардам бердик.
Жылдан жылга малдар көбөйүп, жерлер деградацияга учурап жатышат. Ошондуктан жайытыбызды жакшырталы деп налог көбөйдү. Азыркы күнү малдын санына эмес сапатына өтө турган күн келди”.
Чолпон жайыт пайдалануучулар бирикмеси түзүлгөн күндөн тарта жайыттарды камсыздоо жана жакшыртуу үчүн бир нече долбоорлор ишке ашкан. Долбоорлорду тартуу үчүн жайыт комитетинин бюджети негизги ролду ойногон.
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Өмүрбеков: “Жайыт акысы эки бөлүктөн турат. Жайыт салыгы. Бул район боюнча 1 гектар жерге 4 сом 50 тыйын болот. Бирок биз тоолуу райондо тургандыктан 50 пайызын 2 сом 25 тыйындан төлөйбүз. Бизде 48800 га жайыт жери бар. Президенттин жарлыгы менен 2022-жылдан 2025-жылга чейин сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык алынып салынган.
Экинчи, жайыт пайдалануу үчүн акы малдын башына төлөнөт. Бул эки салык тең жайыт комитетинин бюджетине айыл өкмөтүнүн эсеби аркылуу түшөт.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №386 токтомунун негизинде малдын категориясына жараша жайыт пайдалануу үчүн акылар көргөзүлгөн. Уй, жылкыга 1, торпокторго 0,7 жана койлорго 0,2 коэффициент менен эсептелет. Область боюнча жайыт акыларын бирдей кылуу үчүн Нарын областы пилоттук негизде иштеп жатат. Ошонун негизинде быйыл Нарын областы боюнча жайыт акынын төмөнкү чеги кой-эчки үчүн 20 сом жана бодо мал үчүн 100 сом деп чыгарылды.
Мурунку жылы Чолпон айыл өкмөтүндө жайыт акысы койлорго 12 сом, бодого 60 сом болчу. Ошол баанын деңгээлинде биз койлорго 20 сом, бодого 100 сом деп бааны аныктадык.
Жайыт комитетинин бюджети бизде жакшы уюшулган. Кыйыр пайдалануудан, трактор жана күпкө кызмат көрсөтүүсүнөн акча түшөт. Район боюнча бардык жайыт комитеттер биригип 4 миллион акча чогултса, биздин жайыт комитет төрттөн бир бөлүгүн, 1 миллион 200 миң сомду чогултчу.
Бюджет бар жерде көп иштер аткарылат. Бюджет бар үчүн көптөгөн долбоорлорду тарта алдык.
Чолпон ЖПБ түзүлгөн жылдан тарта бир катар долбоорлор ишке ашырылды:
1. “Чоң-Туз” жайкы жайытына баруучу жол жана көпүрө ондоп-түзөөдөн өттү. (АРИС)
2. “Уу-Төр” жана “Чаар-Арча” жайыттарындагы жолдор оңдоп түзөөдөн өттү жана айрым жолдор, чакан көпүрөлөр салынды. (АРИС)
3. “Чаар-Арча” суусунан малдын өтүүсү үчүн көпүрө курулду. (БУУ ДАТП)
4. Жайыттарды рационалдуу пайдаланууга байланыштуу салттуу билимдерди жана үрп-адаттарды кайра жандандыруу. (ИСУР)
5. Жайыттарды сактоо салттарын жандандыруу жана жергиликтүү калкты жана мектеп окуучуларын жайыт маданиятын жана салттуу экологиялык билимдерди сактоого тартуу аркылуу Кызарт өрөөнүндөгү 900 га бузулган жайыттарды калыбына келтирүү. (ИСУР)”
Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн көтөрүү максатында атайын чаралар жүргүзүлөт, мисалы, бузулган жерлерди калыбына келтирүү үчүн убактылуу пайдаланбоо, урук чачуу, сугаруу, тосмолорду куруу жана башка.
Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башчысы Элчибаев Нурлан Замирбекович: “Жайыт акынын бааларын көтөрүү, бирдиктүү тарифти киргизүү боюнча бизге Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу келген. Анан акимдин да сунушу менен биз айыл өкмөттөргө кат жөнөткөнбүз. Айылдык кеңеш жана жайыт пайдалануучулар бирикмеси айылдык кеңештин сессиясында карап, кеңештин чечиминин токтомунун негизинде жайыт акыларынын бааларын аныктап жатышат. Минималдык баа кой-эчкинин баасы 20 сом, бодо малдыкы 100 сом, топоздукун 150 сомдон өйдө бекитип жатышат.
Бааларды көтөрүп жатканыбыздын себеби жыйналган акча каражаты ушул айыл өкмөттүн бюджетине түшөт. Бюджеттин көбөйгөндүгүнүн кесепетинен көп иштерди жасасак болот. Айлыктарды көбөйтүп, май менен камсыз кылуусуна, жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана башка иштерге жумшалат.
Былтыр Кош Төбө айыл өкмөтүндө койго 10 сом, Ак Кыя айыл өкмөтү 20 сом, Кочкор айыл өкмөтү 12 сом, Чолпон айыл өкмөтү 15 сом болгон. Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Өмүрбеков мурда жайыт комитети болуп жүргөндө эле түшүнүгү болуп, жайыттарды башкаруу маселелерине көбүрөөк басым коюшкан жана аны аткарып келишкен.
Азыркы учурда 1 пресс чөп эле 300 сомго чыкты, арпанын баасы 22 сомго чыкты, биздин мал -жандыгыбыз жайлата жайытта жүрөт. Анан 1 жылга 100 сом, 1 пресс чөптүн 3төн 1 эле бөлүгү болуп калат. Ал эми чогултулган акчага жайыт же башка маселелерди чечсе болот.
Быйыл биздин министрлик тарабынан деградацияга учураган жайыттарга урук өндүрүү боюнча тапшырма берилген. Биз эки үрөн чарбага сүйлөшүп жатабыз. Эки үрөн чарба жайыт чөбүнүн уругун өстүрүп, бул жактан чаап, жыйнайт. Урукту дрон менен себиш керек экен. Ошондуктан дрон, түшүмдү жыйноо үчүн техника алуу керек”.
Гулира Сатарова