Бүгүн, жумушсуздук маселеси планетада орчунду көйгөйлөрдүн бири болуп, өтө олуттуу кесепеттерге алып келери баарыбызга маалым. Эл аралык республикалык институт(IRI) Кыргызстанда эң чоң көйгөй жумушсуздук экенин аныктады. Расмий статистикага ылайык Кыргызстандагы 200 миңдей адам жумушсуз. Бирок бул сан мындан алда канча көп. Ал эми Кочкор айылында жумушсуздук көйгөй кандай абалда?
Азыркы учурдагы оор экономикалык абал, ковид пандемиясынан кийин, айрыкча элеттик калктын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизди. Бул калктын массалык миграциясына жана көптөгөн жумуш орундарынын жок болушуна алып келди.
Кочкор айылынын тургуну, эки баланын атасы Таалай Сатаралиев азыркы учурда ар кандай кара жумуш менен алек. Балдарын багыш үчүн айылдыктардын болгон жумушун аткарып тиричилик кылат. Мамлекеттик жумушта иштебегенин себеби, атайын кесиптик билими жоктугун айтып кетти:
«Келинчегим жок, туруктуу жумушум жок, ошондуктан эки баламды багыш үчүн айылдагы элдин жерин сугарып 1 гектар жеринен 2000 сом табам, күзүндө саман пресине 70 сомдон алам, картошкага чыгып калган күндөрүм да болот, күнүнө 1500 миң сом төлөп беришет. Кышкысын ушинтип жалданып мал жайлашып иштеп айына 10 миң сом маяна алам. Бирок бул көрүнүш дайыма боло бербейт кээде жумуш жок болуп отуруп калам. Кымбатчылык башталгандан бери тапкан акчам тиричиликке жетей калды. Керели-кечке иштеп жүрүп, колго тийген акыма тамак-аш алып барам.Өп-чап эле жетет. Азыркы күндө мага окшошкондор өз арабасын өзү тартып жүргөн чакта азык-түлүктүн баасынын асмандашы да түйшүктү арбытты»,-деп сөзүнүн аягына чыкты.
Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция бөлүмүнүн башкы адиси Жаркын Саманчиева Кочкор районунун анын ичинен Кочкор айылынын расмий катталган жумушсуздарга кандай иш жүргүзүлүп жатканы боюнча кеңири маалымат берди: «01.12.2022-жылдын аягына Кочкор району боюнча расмий жумушсуздардын саны 224 жетти. Ал эми жумушсуз жана жумуш издөөчү катары каттоодо турган жарандардын жалпы саны 897. 01.12.2021-жылга салыштырмалуу 137 адамга көбүрөөк. Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жатында үзгүлтүксүз иштерди аткарып жатабыз.»
Айыл аймактарда жумуш орундарды түзүү жана жумушсуз жарандардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү максатында эмгек рыногунун талабына ылайык кыска мөөнөттүү кесиптик окуутулар уюштурулат. Окуутунун жыйынтыгы менен окууга тартылган жумушсуз жарандар атайын сертификаттарга ээ болушат. Мисалы, Дөң-Алыш айылында үй шартында сүттү кайра иштетүү боюнча окуу курсу уюштурулуп, жыйынтыгында экзаменди ийгиликтүү тапшырган жумушсуз жарандарга башкармалыктын начальниги Батырбек Абдымамытов катышып, атайын сертификаттарды тапшырды.
Мындан тышкары убактылуу жумуш орундарын түзүү демилгесин көтөрүп, мезгилине жараша иштерди сунуштоо максатында » эмгек биржасын» уюштуруп 5 бригадирден турган, 59 бригада түзүлгөн. Алар ар кандай акы төлөнүүчү жумуштарды аткарышат. Мисалы, тойлорго кызмат кылуу үчүн 5 бригада, касапчынын кызматын 6 бригада аткарат, айыл чарба жумуштарына 14 бригада жана башка бригадалар уюштурулган.
18.10.2022-жылы «Вакансия жарманкеси» өткөрүлүп. Жарманкеге жалпы 22 иш берүүчү мекеме-ишканалардан 65 бош орун сунушталды мындан сырткары окуу жайдын өкүлдөрү да катышып, окуу курстары жана шарттары боюнча маалымат берип кетишти. Жарманкенин жыйынтыгында сунушталган бош орундарга 2 жумуш издөөчү жаран катталса, 8 жаран ар кандай кыска мөөнөттү кесиптик окууларга (тигүүчү, үй шартында сүттү кайра иштетүү, компьютердик, кондитердик, автоэлектрик жана телефон оңдоо курстарына) жазылып, окуй тургандарын билдиришти.
Биздин башкармалык №15 кесиптик лицей, Бишкек шаарындагы № 98 кесиптик окуу жай, Нарын шаарындагы Нарын окууту жана өнүктүрүү борбору менен тыгыз байланышта иш алып баруу менен кыска мөөнөттүү кесиптик окуутуларды уюштуруп турабыз.
Ушундай окуутуларга барып, тигүүчү кесипке ээ болгон Кочкор айылынын тургуну Зуля Хухурова азыркы учурдагы абалы менен тааныштырып кетти: «Өзүм 5 баланын энесимин. Көп жыл бою үйдө отуруп кээде жумуш чыкса иштеп жолдошума жардам берип турчумун. Жолдошумдун тапкан акчасы эч нерсеге жетпегендиктен айылыбыздагы «Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын иш менен камсыз кылуу» бөлүмүнө жумушсуз катары каттоого турдум. Мени тигүүчүлүк боюнча кыска мөөнөттү окууга жөнөтүштү, баардык чыгымдарын төлөп, андан соң келишим менен тигүү цехине ишке орноштурушту. Азыр туруктуу айлык менен туруктуу жумушум бар».
Интернет булактарында Кыргызстан жумушсуздуктун деңгээли боюнча ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдик) мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ. Буга бирикменин статистика башкармасынын маалыматтары далил болот. Жумушсуздуктун деңгээли боюнча Кыргызстан экинчи орунда турат, башкача айтканда , калктын санына жараша 2.8 % га барабар. ЕАЭБде жумушсуздуктун деңгээли Арменияда (3.6%) гана жогору.
Нурия Карымбаева