Ар бир адам сергек жашоо үчүн саламаттыгына кам көрүүсү зарыл. Учурда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эркектердин саламаттыгынын начарлашы тууралуу коңгуроо кагып, анын себеби -алардын өз ден-соолугуна көңүл кош мамиле жасоосунун натыйжасы деп белгилешет. Психолог Жумаказы Жуманазаров чындыгында эркектерде өз ден-соолугуна кайдыгер болуу бар экенин айтып, бир нече себептерин белгиледи.

“Үй-бүлөдө жарым жылда же бир жылда дарыгердин кароосунан өтүү керек деген тартип болбосо анда эркектер курч кырдаалда гана кайрылат. Мен кыйынмын, менде баары жакшы, өзүм эле жеңем деген куру намыстык десек болот. Финансы маселесинен улам дагы ден-соолукту карай албаган абал дагы болушу мүмкүн”
Жыл сайын КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги тарбынан жарыяланган өнөктүктүн алкагында эркектер жеринде акысыз медициналык кеңеш ала алышат. Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Майрамкүл Токтомамбет кызы эркектер арасында жугуштуу эмес оорулар көп кездешип, а түгүл жашарып баратканын айтты.

«Ал ооруларга жүрөк кан-тамыр, кант диабети өнөкөт өпкө оорусу кирет. Булар инфарк, инсультка алып келет. Бул илдеттер менен эркектер көбүрөк катталып, өкүнүчтүүсү оору жашарууда. Кант диабети болсо жылдан- жылдан жылга өсүш берүүдө. Себеби туура эмес тамактануу, тамак-ашка жашылча-жемишти аз, ал эми майлуу этти нормадан ашыкча колдонгонубуз. Тамеки чегүү, ичимдик ичүү да аябай таасир этет. Эркектер ден-соолугунда маселе жаралса өз каалоосу эмес жакындарынын мажбурлоосу менен же илдет күчөп кеткенде кайрылышат» деди.
Эркектер арасында менде баары жакшы, мен кыйынмын деген көз караш бекем орногон. Адистин айтымында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
“Кыргыздын тарбиясында эркектер өзүнүн алсыздыгын көргөзгөндү каалабайт, аны таануу дагы кыйын. Демек көйгөйүнө көз жумуп коет. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Эркектердин саламаттыгына байланыштуу көз караштар убакыт менен жоюлат. Анткени убакыт менен түптөлгөн”.
Эркектердин саламаттыгы боюнча маселени эң биринчи үй-бүлөдө колго алып, алдын алуу үчүн калыптанып калган мамилелерди жоюу керек. Социалдык педагог Айпери Дастанбекова бул тууралуу мындай деди:
“Үй-бүлөдөгү сен эркексин да, сен оорубашың керек ж.б ушул өңдүү эски көз караштарды балага таңуулоону токтотуш керек. Ата-эне баласына ден-соолук маанилүү экенин, ал үчүн дайыма дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, алдын алуу чараларын жасоо керектигин айтып, тарбиялоосу зарыл. Өз алдынча саламаттыгына кам көрүүнү да үйрөтүү керек.
Эркектердин саламаттыгы боюнча маселе бул улуттун келечеги үчүн дагы маанилүү.
«Улуттун генофондун эркектер түзөт, демек алардын ден-соолугуна байланыштуу. Зыяндуу адаттар, туура эмес тамактануу, жүрөк кан-тамыр оорулары менен жабыркоо ж.б баардыгы таасир этет. Азыр тубаса оорулар менен балдар төрөлүп жатат. Эгерде ден-соолукка кайдыгер мамиле улана берсе албетте улуттун келечегине коркунуч жаралат. Ошол себептүү багында дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүгө, ден-соолукту сактоого, физикалык көнүгүүлөрдү жасоого чакырат элем».
Барчын Мамытбекова