Кыргызстанда биринчи жолу өспүрүм кыздардын жетилүүсү жана ден соолугуна арналган атайын мобилдик тиркеме иштей баштады. “Оку” тиркемесин «Айкын багыт» коомдук фонду ЮНИСЕФ уюмунун аймактык кеңсеси менен биргеликте иштеп чыккан. Тиркемеден кыздар өспүрүм курактагы өзгөрүүлөр, жыныстык жетилүү, репродукциялык саламаттык тууралуу маалыматты түрдүү оюндар, сынактар, календарь аркылуу ала алышат.
Айгерим Кубатбекова