Казарман айылынын Т.Жээналиев көчөсүндө 100гө жакын адам ак калпак күнүн белгилөө максатында Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда жөө жүрүшкө чыкты

Ак калпак күнүнө акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, акимдин орун басары Асель Жунусалиева мекеме -ишкана жетекчилери жана кызматкерлери, Т.Токтоналиев атындагы №45 кесиптик лицейинин агайлары жана окуучулары катышты.

Жүрүш А.Жакишов атындагы райондук жалпы дарыгерлер тажрыйба борборунан башталып, «Кыргыздын жүзү ак калпак » деген ураан чакырык менен райондук маданият үйүнө чейин уланды.

Андан соң маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан улуттук баш кийимдин түрлөрү маанисин сактоо жана сыйлоо максатында маалыматтар берилип, концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек Ак калпак күнүн белгилөө 2016-жылдан бери 5-мартта расмий белгиленип келет. Күндү белгилөөнүн демилгечиси режиссер Рысбек Жабировго таандык.
Даярдаган: Анара Мааметова