Дүйнөнү дүңгүрөткөн Ковид-19 вирустук оорусуна каршы вакцина чыкты дегенден тартып эле социалдык тармактарда жана ватсап группалардан ар кандай терс маалыматтар таралып келет. Бул маалыматтарды көргөн адамдар Ковидке каршы вакцинаны алуу коркунучтуу деп эсептешет. Бирок жер-жерлерде үй-бүлөлүк дарыгерлердин тобу байма-бай түшүндүү иштерин жүргүзүү менен элдин вакцинацияга карата маалыматтык сабаттуулугун да жогорулатып келишүүдө.
Азыркы учурда көпчүлүк адамдар ар кандай группалардан келген маалыматка эмес дарыгерлердин айткандарына ишенип калышты. Себеби, дарыгерлер адамдардын саламаттыгын сактоого, көзөмөлдөөгө, адам өмүрү үчүн өз жанын аябаган инсандар экенине ынанышты.
(Аудио сюжетте Уланбек кызы Мадина жана Оттук ФАПтын медайымы Зейнура Жамантаева)
Ковид оорусуна каршы эмдөөдөн өткөн Казан-Куйган айылынын тургуну Атыркүл Абдыжапарова төмөндөгүдөй билдирди:
“Биринчи жолу вакцина келди, Ковидке каршы эмдөөдөн өтүңүздөр деп медайымдар билдирүү кылышканда, мен коркуп алган эмесмин. Себеби, ватсап группалардан, социалдык баракчалардан ар кандай терс маалыматтар көп келип жатты. Бирок, азыркы учурда телевидение, радио, медиа борборлордон кабар алып, социалдык тармактарда таралып жүргөн маалыматтарга карата айтылган, жазылган маалыматтарды окуп, менин Ковидке каршы эмдөөдөн өтүү боюнча көз карашым өзгөрдү. Анын үстүнө бир тууган эжем да дарыгер болгондуктан, чалып сурап, эмдөө пайдалуу экенин билдим. Өзүмдү, жакын адамдарымды коргоо максатында өз каалоом менен эмдөөдөн өттүм. Буюрса баары жакшы өттү, эч кандай коркунуч жарата турчу маселе болгон жок. Медайымдар менен дайыма байланышта болуп жатам. 21 күндөн кийин экинчи эмдөөдөн өтөм.”
Төлөк айылынын тургундары вакцина ала башташты
Акылай Алмазбекова