Пандемияда жогорку окуу жайга алгач ирет барган 1-курстун студенттери үчүн онлайн окуу оор болду. Айрым учурда интернет ылдамдыгы начар болуп теманы да түшүнбөй калганын да айтышты.
2019-2020-окуу жылында «Соң-Көл» орто мектебин 11 окуучу аяктаган. Алардын бардыгы тең жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, бирок 2 гана окуучу босого баллдан өтүшкөн. Азыркы учурда 5 окуучу жогорку окуу жайды онлайн окуп, аяктап жатышат. Ал эми 2 окуучу орто окуу жайды оффлайн окуп, 1-курсту аякташууда.
Өзү студент болсо дагы, бул жылы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу шаарга барып, окуу жай жана группалаштары менен таанышпаганын 1-курстун студенти Гүлбара Төлөбалдиева айтат: «Биз мектепти онлайн аяктадык, онлайн окуу жайга тапшырдык, 1-курсту онлайн окуп, аяктадык. Группалаштар, мугалимдер менен онлайн тааныштык. Онлайн окуу абдан оор экен. Көп сабактардарды өздөштүрүп кетүү кыйынга турду. Жаңы студент болгондуктан баары менен онлайн тил табышуу мени көп түйшөлттү»,-дейт.
Андан сырткары, онлайн окуп жаткан студенттер шаарга иштөөгө кетишкен. Алар үчүн онлайн окуу бир аз жаккан. Себеби, алгачкы жылы өздөрү шаарга келишип, шаар менен толук таанышып, өздөрүнө ылайык иш таап алышып, бир аз акча-тыйын топтоп, өздөрүн да, ата-энелерин да финансы жактан каржылап турушкан. Анткен менен иштеп жүрүшүп, аны менен катар окуулары онлайн болуп билим жагынан бир аз аксап калганын жашырышкан жок.
Ал эми 2020-2021-окуу жылында 20 окуучу «Соң-Көл» орто мектебин аяктап жатышат. Алардын дээрлик көбү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып келишкен. Азыркы учурда бул окуучулар онлайн экзамен тапшырууда.
Бурул Майрамбек кызы