2020-2021-окуу жылында II чейректен баштап, карантин жана анын эрежелери жеңилдетилип, Сүлүктү шаарындагы бардык мектептер ачылып салттуу ыкма менен окуу процесси жүрүп келди. Бирок май айынын башталган күндөрүндө бир үй-бүлөнүн балдары болгон 2 окуучудан COVID-19 аныкталган.
Алар менен кандай иш аракеттер болду, алардын классташтары менен мектебинде, мугалимдердин жана окуучулардын коопсуздугун сакташы боюнча кандай чаралар көрүлдү? Учурда окуучулардын абалы кандай? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору, жогорку категориядагы врач Асатбек Ибрагимовдон маалымат алдык.
“Май айында, жүргүзүлгөн лабораториялык анализден кийин, Сүлүктү шаарындагы орто мектептердин бирөөсүндө окуган окуучулардын ичинен 2 окуучудан COVID-19 аныкталып, дароо чукул чараларды көрүп баштадык. Окуучулар оорунун жеңил формасы менен ооругандыктан аларды үй шартында обсервацияга алдык, үй-бүлө мүчөлөрүн, ким менен контакт болгон болсо ошол кишилерди да медициналык көзөмөлгө алдык.
Коронавирус аныкталган окуучулар окуган класстарды он-лайн режеминде окутууга өткөрдүк. Кыскасы, медицина тармагынан зарыл болгон чаралардын бардыгын өз убагында жасадык. Бүгүнкү күнү экөө тең толугу менен айыгып кетти.
Белгилей кетүүчү жагдай, медицина кызматкерлери сыяктуу эле, билим берүү тармагында да COVID-19 пандемиясынын алдын алуу боюнча даярдыгы жакшы болгондуктан, коронавирустун шаарыбыздагы окуучуларга таркап кетүүсүнүн алдын алдык. Мугалимдерге ыракмат, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, дароо аралыктан окутуп баштады жана окуу жылын ийгиликтүү бүтүрө алды.
Сактыкка кордук жок дегендей, ата-энелерге кайрылып, өзгөчө каникул мезгилинде окуучуларды Бишкек жана башка ар күнү COVID-19 аныкталып жаткан аймактарга жөнөтпөй эле туруусун суранып, эскертип кетер элем. Сүлүктү боюнча абал жакшы болгону менен жалпы мамлекетибиздеги абал дагы эле кооптуу”, -дейт Сүлүктү шаары боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Асатбек Ибрагимов.
Бакытбек Сапаркулов