Кош бойлуулук кезинде аялдардын кандай илдет болбосун кабылуу коркунучу жогору. Ал эми пандемия учурунда коркунучу андан да кооптуу. Ошол себептүү кош бойлуу аялдар өздөрүн этият кармоосу зарыл. Эгер зарыл болбосо сыртка чыкканда эл көп чогулган жайларга, эс алуучу жерлерге барбай турганы оң. Ошондой эле беткап тагынуусу зарыл. Мындан сырткары витаминдүү тамак-ашка басып жасап, аз-аздан болсо дагы бат-бат тамактанып туруу талапка ылайык.
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер борборунун дарыгери Айсалкын Саламатова кош бойлуу учурда аялдарга Ковид-19 илдетине каршы вакцина сайылбайт. Балага 6 ай болгондо гана эне эмдөөдөн өтө алат дейт.
Баетов айылынын тургуну Айдай Аманбек кызы учурда кош бойлуулуктун жетинчи айында. Өзүнүн айтымында илдетти жуктуруп албас үчүн көпчүлүкөн оолак кармайт.
«Сасык тумоолоп калбаганга аракет кылам. Санитардык талаптарды аткарып, беткап тагынып, сырттан киргенде антисептик каражатын колдоном. Ошентсем дагы кышында Омикрон жаңы башталганда оорудум. Бир аз сасык тумоолоп, ошондон күчөтүп жибердим окшойт. Мындай учурда ийне алганга дагы болбойт эмеспи. Азыр эми жер-жемиш жеп, туура тамактанууга аракет жасап жатам»,- дейт.
Барчын Мамытбекова